«Көз боёмочулар жалгыз үйүмдү тартып алып жатат»

Эгерде мен, же менин үй-бүлөм менен бир нерсе болсо, бул ишке Калпаева Айнура, Арабов Шамиль, Абдулин Ильхам, Конурбаев Таалай күнөөлүү деп билиңиздер. Учурда мен төрт балам, ата-энем, чоң апам менен көчөдө калуу коркунучундабыз. Күйөөм жок, төрт баланы жалгыз тарбиялайм. Азыркы абалымды сүрөттөп, толугу менен сиздерге айтып, жеткирүү оор болууда. Ошентсе дагы аракет кылып көрөйүн. Менин үйүмдү алдап өздөрүнө каттап алып, караңгыда келип, мени, жети жашар кызымды сабап, мага көп залака келтирген адамдар жөнүндө баянымды баштайын.

2007-жылы Арабов Шамил аттуу адам менен атам таанышып, ал атама “Казкоммерц Банктан” Сергей Лазо көчөсүндөгү үйүн күрөөгө коюп, кредит алганга жардам берген. Ошондон бери ишеничибизге ээ болуп, Шамиль менен катташып калдык. Атамды “брат”, апамды “сестра” деп, мамилебиз туугандардыкындай эле болуп калган. Беш маал намаз окуурун ылайыгы келген жерден дайыма айтып калчу. Андан бери көп убакыт өтүп, үй-бүлөбүз менен Пригородное айылына көчүп кеттик. Шамил 2015-жылдын башында пайда болуп, анча-мынча маселеси болуп жатканын айтып, жардам сурап калды. Анын сөзү боюнча батири күрөөгө коюлуп, аны шашылыш түрдө чыгарыш керек болуп жаткан экен. Атамдан карызга 5000 АКШ долларын сурады эле, бирок андай акча каяктан, “өлбө жаным, өлбө” болуп жашап жаткан кезибиз болчу. Бирок Шамил артыбыздан калбай койду. Аягында “сенин үйүңдү күрөөгө коюп 9000 доллар алабыз. Анын 4000 долларын са-га берем” – деген сунушун айтты. Ал өз квартирасын ирээттеген соң, мен алган 4 миңди жана өзү колдонгон 5 миң долларды пайызы менен өзү жапмай болду. Бир караганда алдап жатканы көрүндү, бирок кантип ошого макул болгонумду билбей калдым. Тим эле сыйкырлап койгондой болдум. Гипноздун таасири астында калгандай туюлат азыр эстесем. Кийин Шамилден жабыркагандар менен баарлашып, анын ошондой таасири бар экенине көзүм жетти. Андан жабыркагандардын саны жыйырмага жакын экен. Бул үйүнөн айрылып, соттошуп, ызы-чуу салгандары эле. А жалпыга билинбей калганы канча? Аягында менин үйүмдү банкка жогоруда сүйлөшүлгөн шарттарда күрөөгө коёлу деп келиштик. 2015-жылы 20 – февралда Шамил “кредит бере турган банк таптым” деди. “Эртең Госрегистрге барып күрөөгө коёбуз” деп айтты. Эртеси эртең менен эрте өзү үйгө келип алып жөнөдү. Аламүдүн районунун Мамкаттоо бөлүмүнө кирсек Акылай деген акча бере турган адам ичинде отуруптур. Кагаздардын баары даяр экен. Мени “эртерээк кол кой” деп бир кагазды астыма койду.

– Бул эмне? – деп сурадым.

– Баары жайында, кызым. Мен текшерип чыктым. Кол коё берсең болот – деп Шамил жоошутуп койду.

Мени үйдөн алып кеткенден баштап, ошол кагазга кол койгонго чейин эле шаштыра беришти. “Эртеле, эртеле, бол, бол” деген сөздөр баймабай айтылды. Менин эмне деген кагазга кол коюп жатканымды окутушкан дагы жок. Астыма коюп “кол кой” деп гана буйрук бергендей эле айтты мамкаттоо кызматкери. Эмнеге кол коюп жатканымды түшүндүрүп дагы беришкен жок, эч кимиси. Шамил менин мектепте 5 эле класс окуганымды билет окшойт да. Бирок кеп билимде дагы эмес. Кийин Шамилдин сотуна катышкан атам бизге окшоп Мамкаттоонун ичинен кагаздарды окутпай туруп кол койдурган Шамилден жапа чеккендер көп экенин айтып келди. Кагаздарга кол коюп бүткөн соң атам дагы келип калды рейстен. Алыс жакка жүк ташуучу унаа айдап иштечү эле ошол кезде. Сыртка чыгып Акылай ачык түстөгү “жол тандабастын” ичинен акчаны санап бермей болду. Жашы 48-53 чамасында экен. Аны элдин баары Акылай дейт экен. Кийин ал аялдын чыныгы аты Айнура, фамилиясы Калпаева экенин билдим. Кызык, адамга эки аттын эмне кереги бар? Бирок бул маалыматтын баарын алданып бүткөндөн кийин билип отурам. “Жол тандабастын” арткы отургучунда Шамил жана дагы башка, мага тааныш эмес аял отурган. Кийин анын аты жөну Алыбаева Айнура экенин билдим. Аны Калпаева Айнура убагында алдамчылык беренеси боюнча соттоткон экен. Калпаева А.Ж. атама бир ууч АКШ долларын сунду.

– Акчаны Шамил алып жатат. Кайтарганда дагы Шамил кайтарат – деп атам ал акчаны алган жок.

Калпаева  акчаны  Шамилге  сунду.  Шамил  алып,  шашпай  санап  чыкты.  9000  доллар  болду.  Жалпы  акчадан  1000  долларды  бөлүп,  Алыбаева Айнурага  берди.  Ал  анын  кредитор таап бергени үчүн алган акысы экен. Кийин ортомчулар дайым 10 процент аларын билдим. Шамил мага 4000 доллар санап берди. Калпаева ошол жерден “Үйдү күрөөгө алдым. Акчам кайтканда үйдү кайтарып берем” деп орусча тил кат жазып берди. Андан кийин мамкаттодон алыс эмес жерге барып, Шамил бизге “карызга 7 пайыз менен акча алдым, эки айдын ичинде кайтарып берем” деп орусча тил кат жазып берди. Биздин үйдү күрөөгө койгондугу жөнүндө бир сөз жок. Юридикалык жактан сабатсыз болгондуктан тил каттын кандай кемчиликтери болуп жатканын билген дагы эмес экенбиз.

Шамил менен үч жуманын ичинде бүт иштерди бүтүрөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Арадан бир ай өткөн соң мен Шамилден “документтеримди качан кайрып бересиң” деп сурай баштадым. Ар кандай шылтоолорду айтып убакытты созуп баштады. Бир туруп ооруп калат, бир туруп жакындарынан айрылат, бир туруп түштүккө иштер менен кетип, Калпаева менен эсептешкенге мумкүнчүлүгү жок болуп калат. Иши кылса ар бир күнү шылтоо таап эртеңкиге жылдырат.

Ошентип бир айдын артынан экинчи ай өтүп жатты. Жыйынтык болгон жок. Эң өкүнүчтүүсү биздин үй официалдуу түрдө банкка күрөө болбой эле жеке бир адамдын карамагына “сатып алуу-сатуу” келишими менен өтүп кеткенин кеч билдим. Иштин жагдайын билерим менен Шамилге чалдым. Ал мага “Калпаева уяттуу адам, мен акчасын кайрып бергенде сага үйүңдү каттатып берет” деди. Айлам жок күттүм.

2016-жылы Абдулин Ильхам аттуу киши биздин үйдү сатып алдым деп келди. Бирок үйдү бир дагы көрбөй туруп кантип сатып алат, билбейм. Ошентип ал адам менен катуу сүйлөшүп, атам аз жерден мушташып да кете жаздады. Абдулин ошо замат Калпаевага чалып баштады. Калпаева келип:

– Мен бул үйдү ушул адамга саттым – дейт, уяты жок.

– Сиздин кандай акыңыз бар менин үйүмдү сатканга? Менде сизден расписка бар. Бул үй күрөөдө гана турат. Алган акчаны Шамил төлөшү керек. Сиз аны дагы жакшы билесиз – дедик. Баягы эле “сен деле акча алгансың” деген сүйлөшүү болду. Менин “үйдү сатып, өзүм алган акчамды берем” дегеним Калпаеваны ынандырган жок. Кийинчерээк Калпаева Абдулин Ильхамга үйдү сатпаганын билдик. Жөн гана бизди үйдөн чыгаруу үчүн убактылуу каттаган экен. Азыркы учурга чейин Калпаеванын айрым кыймылсыз мүлкү Абдулин Ильхамдын атында экен. Андан кийин бир кыз-жигит келди. Аларга дагы болгон окуяны тушүндүрүп бердик. Кийин Таалай аттуу жигит пайда болду. Кара-Балтадан болорун айтты. Сөздү мындай деп баштады:

– Мен бул үйдү сатып алдым. Бул үйдүн  толук  таржымалын  билем.  Намаз окуп, Алла жолунда жүрөм. Ошол үчүн силерди чыгарайын деген оюм жок. Мен бул үйдү банкка күрөөгө коюп турайын. Жеримди айдатам. Урожайдан Калпаевага сенин акчаңды өзүм берип коём. Азыр мен банктын кызматкерлерин алып келейин сен квартирантмын деп койчу – деди. Квартирантмын дегенден баш тарттым. Бирок үйдү башка адамдарга көргөзүп, сүрөткө тартып кеткен.

2017-жылдын сентябрь айында Кал-паева алдап, сызга отургузуп кеткен адамдар мага чыкты. Ал аялдын көп жоругун уктум. Менин ишим дагы оңунан чечил-бесине көзүм жеткенде ИИМге арыз жазып Аталикова Гулчехра деген адам менен

чогуу 2017-жылы 6-октябрда кайрылдык. Аталикованы дагы Калпаева, Арабов менен бирге так мени алдагандай алдап, үйүн каттап алышкан. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына арыз менен кайрылдык эле. Алар ИИМдин Ленин райондук ИИБине жиберген.

Ленин  райондук  ИИБгында  үч тергөөчү алмашып азыркы күнгө чейин тергөө амалдары жүрүп жатат имиш. Иш жүзүндө эч кандай, иштин жагдайын ача турган  иш  болгон  жок.  Ишти  Шамиев Икрам аттуу тергөөчү баштады эле, жарытарлык тергөө амал деле кылган жок. Андай кийин ишти Мамражапов Мурат алды. Ал Арабовдун ишин Калпаевадан бөлүп сот ко Арабовду эмнегедир жалгыз өткөрүп жиберди. Калпаеванын ишин Мамражапов М., Оморкулова Элнура деген тергөөчүгө 2018-жылдын февраль айынын башында өткөрдү. Ленин райондук прокуратурасы-на кайрылганыбыздан пайда чыккан жок. Калпаевага биздин арыз жазып, өз укугубузду талашканыбыз жаккан жок. 2017- жылы 19-декабрда биздин үйгө эки бала кирип келди. Сыртка жети жашар кызымды алып чыгып жаткан элем. Караңгы кирип калган. Үйдөн эшикке чыксам эле астымда эки бала туруптур. Азият улутундагылар, болжол менен 23-28 жашта. Бирөөнүн бою узун, болжол менен 2 метр, экинчиси кичирээк. Алар дарбазанын ичинде турганын көрүп катуу коркуп кеттим. Эмнеге дегенде дарбазабыз бек болчу. Карап тургандары дагы бөтөнчө коркунучтуу болуп туюлду.

– Силер кимсиңер? – деп сурадым.

– Бул үйдүн кожоюну болобуз, акчаны качан бересиңер?! – деди корсоңдоп.

– Мен силерге эч нерсе карыз эмесмин.

– Анда үйдөн чык, болбосо кескилеп туруп, балдарың менен чогуу көчөгө ыргытып салабыз!

Бирөөсү жалтыраган, темир нерсенин четин көргөздү. Бычак эле болуш керек. Жүрөгүм оозума тыгылгандай болуп,  денемди  калтырак  басып,  коркуп чыктым.

Ошол мезгилде менин кыйкырганымды угуп ата-энем чуркап чыгышты. Бою чоңураагы менен алек болуп калышты. Ал мезгилде бою кичирээги мени сабап жатты. “Мама, мама” деп мени көздөй чуркаган кызымды ыргытып жиберди. Байкуш кызым жерге катуу түштү, бетондолгон жердин үстүнө кара кушу менен тийди. Ошол эле бою кыска бала күрөштүн ыкмасын колдонуп, кырынан, гүлдөрдү бөлүп турган шифердин үстүнө көтөрүп чапты. Ошол замат эле моюндан алып муунтуп баштады. Мен аны муштум менен бетке уруп калдым. Колу бошоп, артты көздөй чегинип кетти.

– Да я тебя убью, – деп туруп ичке катуу тээп калды. Алган соккум ушундай күчтүү болду, бир маалга чейин сүйлөй алганым жок. Ага чейин ата-энем чакырган участковыйлар дагы келди. Сыртка чыгып, алар айдап келген, кара түстөгү БМВ маркасындагы жеңил унааны көрдүк. ПОМго жеткенче болбой аларга дагы эки бала кошулуп калды. Алар БМВ Х5 үлгүсүндөгү авто-унаа айдап алышкан. Мындай жагдайды  күтпөгөн  жаныбыз,  түшүнүксүз абалда болуп жаттык. Бизди акча үчүн аз жерден өлтүрүп да коё жаздады. Алган акчабыздан бир топ көп талап кылып жаткандары жанды кейитет. Бул балдар өзүм билемдик кылып жатканына көзүбүз жетип турду, анткени юристтердин сөзү боюнча үйдөн чыгаруу соттун гана чечими боюнча болот. ПОМдон тиги балдар биздин үйдүн жаңы ээлери катары өздөрүн тааныштырды.  Бирок  эч  кандай  документтерди көргөзө алышкан жок. Биздин билишибиз боюнча ошол мезгилде үй Көчөрбай уулу Иринат деген кишинин атында болчу. “Кимиңер Көчөрбай уулу Иринатсыңар” деген сууроого “Ал менин иним” деп жооп берди БМВ Х5 менен келип, тиги экөөнө кошулган бирөө. Ортого башка кишилер келип, сүйлөшүп, өздөрүн Кара-Балталыкпыз деп тааныштырышты. Ал ар үйдүн ичине кирип келишип бизге арыз жазабыз деп чыгышты ПОМдон. Эмне дегенде бирөөсүнүн эрини жарылып калган экен. Отурушту ошол жерде арыз жазып, көздөрүн тостойтуп, өздөрүн жабырлануучу сезип. Болбосо кара БМВ айдап келип, азыр эле “өлтүрөбүз” деп коркутуп жатышты эле.

Эртеси  күнү  судмедэкспертизага бизден биринчи жетип барышыптыр, жарылган эрдин көргөзгөнү. ПОМдогу аймактык тескөөчүлөр биздин ишти Аламүдүн районунун ИИБине тиешелүү Нурдинов Нияз аттуу тергөөчүгө өткөрүп берди. Аймактык тескөөчүлөр бизди суд-медэкспертизага жиберген эле. Ал жерде бизди дагы бир “коррупционер” күтүп турду. Жумуш убактысында ал адам жумуш ордунда жок экен. Эртеси күнү сүйлөшүлгөн убакта ордунда болгон жок. Фучик – Дэн-Сяпиндеги поликлиникада семинарда экенин айтып, дагы убакытты созгонго аракет кылды. Биз макул болгон жокпуз. Бүгүн карап берүүсүн сурандык. Аягында бизди көрүп бергенге макул болуп, жогоруда айтылган поликлиникага чакырды. Биз келип, бир жарым саат күтүп отурган соң чыкты. Чу, дегенде эле, “канча бересиң?” деп сурады. Ал жерден 5000 сом берүүгө туура келди. Ал болгон иштин кандай болгонун сурап чыкты. Мени, кызды көргөн жок. Аягында “баары жакшы болот” – деп убада берип жөнөтүп ийди. Кийинчерээк судмедэксперт “тыянак” чыгарганда болгон залакалардын жарымын жазбай койгон экен. Тергөөчү акча береби деди окшойт, бизди суракка албай туруп “кылмыш ишин козгоодон баш тартып”, ишибизди жаап салыптыр. Ал тергөөчүнүн ишине даттанып Аламүдүн райондук прокурату-расына кайрылдым. Комиссиялык судме-дэкспертизага жиберүүнү сурангам. Алар тергөөчүнүн ишин туура деп табышты жана менин өтүнүчүмө терс жооп беришти. 19-декабрда болгон окуядан кийин катуу ооруп калдым. Жеген тамагымды аш кыла албай кайра-кайра кусуп жаттым. Диаг ностика кылып, врачтарга кайрылсак операция керек экен. 2018-жылдын февраль айында операция бодум. Бирок андан пайда чыккан жок. Дайыма өзүмдү жаман сезип жүрөм. Тамакты толук кандуу иче албайм. Операцияга деп карызга болушунча баттым. Качан анын баарын берип бүтөм, билбейм. Бизге азыркы күнгө чейин коркутуп-үркүтүүлөр болуп турат.

Кайсы күнү жазасыз калган кылмышкерлер келип дагы бир жамандык кылып кетет деп коркуу сезими менен күн сүрүүдөбүз. Акыркы жолу 14-мартта түн ичинде чалып “Жөн отурбасаң сени өлтүрөбүз, сенин неберелериң кайсы жол менен басарын билебиз” деп атама чалышкан. Атам улгайып калган адам. 12 жыл мурун кант диабетине чалдыккан. Өзүмдү такыр алсыз сезип отурам. Мамлекеттин ичиндеги мыйзамсыздык менен коррупциянын күчөөсү айламды курутту.

Өз үйүмдүн ичинен өзүмдү кооптуу сезип, жан коёрго жер таппай калдым. Кичине балдарым үчүн корком. Аларда эмне күнөө? Аласа бересеси болсо бизден алсын. Эл-журт, жардам берип коюнуздарды суранам!

АЛИЕВА Наргуля Шайсмаиловна