Ошто 16 окуучу белгисиз затка ууланды

Ош шаарында 16 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган. Жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары, жарымы кыздар. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.