Энергияны үнөмдөйт, экологияны коргойт

Нарныкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Күн коллекторунун артыкчылыгы көп

Расмий  маалыматтарга  караганда жылына Бишкектин атмосферасына 240 миң тонна уулуу зат бөлүнүп чыгып турат. Экологияга келтирилип жаткан зыяндуулукту азайтууга ар бир жаран өз салымын кошуп, каражатын үнөмдөп, түйшүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзө турган жаңы программа 2013-жылдын апрель айында жергебизге келген. KyrSEFF – Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасы Евросоюздун колдоосу, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен турак жайды жылытуу жана бизнести колдоо багытында иштеп жатат. Бишкектик ишкер Омор Жуманазаров үйүнүн жанына чакан мейманкана куруп алып, анын жылуулук жана электр энергиясына кеткен чыгымын азайта албай убара тартчу. Ишкердин өткөн жылы ушул программа аркылуу энергияны үнөмдөөчү жабдууларды орнотуп алгандан берки ийгиликтери тууралуу сөз кылалы дедик.

Жумуш башталардын алдында KyrSEFF – Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасынын кызматкерлери келип, мониторинг жүргүзүүсү шарт. Алар Омордун мейманканасынын сыртын көрүшүп, жылуулатуу үчүн пенопласттын калыңдыгы 8 сантиметрден кем эмес, абдан ныкталган сапаттуу болушу керектигин айтып беришкен. Курулуш материалдарын сатып алган компаниянын сертификаты, ал эми курган фирманын патенти болушу зарыл. Ал түгүл электр энергиясын үнөмдөөчү лампочкаларды колдонууда патенти бар ишканадан чыгарылганын алуу керек. Эң башкы максат – жылуулукту, каражатты үнөмдөөнү, көмүр кычкыл газынын абага чыгарылышын кыскартуу аракети. Мындай программалардын натыйжалуулугу небак далилденип, дүйнөнүн 20дан ашык мамлекетинде ишке ашырылып келе жатат. Омор ушул программанын колдоосу аркылуу Оптима банкынан алган насыянын эсебинен мейманкананын чатырына Күн коллекторун орнотуптур. Күн коллектору жай күндөрү мейманканага керектелүүчү суунун баарын ысытып бергендиктен, жылуулук насосун биротоло өчүрүп таштап, энергияга бир кыйла үнөмдөшөрүнө күбө болдум. Кышкысын асман бүркөк учурунда Күн коллектору сууну 35-40 градуска ысыта алат. Андан жогору ысытууга Күн коллекторунун күчү жетпей калганда жылуулук насосуна кошуп, сууну 50 градуска көтөрүп ала турганын ишкер айтып берди. Ысык суу жуунганга, ашканага ж.б. бардык керектөөлөргө тегиз жетет экен.

Мейманкана кышкысын жылуу, ыңгайлуу болбосо кардарларды тартуу оңой эмес. Бизде мейманкананы жылуулатуу борбордук жылуулук системасына кошулган. Ошону менен бирге тиричиликке электр энергиясын пайдаланабыз. Баарын кошкондо кыш күндөрү айына 55 000 сом, абдан катуу суукта 60 000 сомго чейин төлөгөн күндөр болду. Салыштырып көрсөк, 2017-жылы KyrSEFF – “Кыргыз-станда туруктуу энергияны каржылоо” программасы аркылуу жумуштар бүткөрүлгөндөн кийин орточо алганда катуу суукта 18 миң сомдун тегерегинде төлөп чыктык. Жаз келип,

Күн жылый баштаганда бүт баарын кошкондо болгону 12 000 сом төлөдүк. Мына ушундан кийин мейманкана бизнеси мага жашыл жарык ачты деп айта алам. Мен мейманкана жана ага жанаша курулган үйүбүздүн сыртын жылуулаттым. Энергияны үнөмдөөчү терезелерди салдырдым, жылуулук насосун орнотуп алдым. Мейманкананын чатырына Күн коллекторун орнотуп койдум. Программанын талабы боюнча терезелеримди 5 камералуусун тандап алып, калыңын салдырдым. Жалпысынан программага 3 млн. сом насыя алдым. Насыяны Бишкектеги мейманканага, андан тышкары, Сокулуктагы “Ак тилек” эс алуучу туристтик комплекске да жеткирдим. Үй-бүлөм менен эсептеп көрсөк, насыяны 4 жылда актап алам деген планым бар. Мейманкананын жалпы эле энергияны үнөмдөөчү бардык жабдууларына насыянын жарымысы же валютага айлантканда 20 миң доллары чыгымдалды. Программанын бардык талаптарын аткаргандыгым үчүн, алган насыянын 15 пайызы же 450 миң сому грант түрүндө берилди. Жайында мейманкана салкын бол-гондуктан кондиционер да мурдагыдан аз иштетилип, мында да энергия үнөмдөлөт, – деп ишкер баарын кыдыртып жүрүп айтып берди.

“Булак сууларын булгануудан сактадым”

Бишкектен 52 чакырым аралыктагы Сокулуктун тоо тарапка кеткен Төш-Булак айылына Шабай суусу агып барат. Мына ошол көз тайгылткан кооз жерге ишкер Омор Жуманазаров “Ак тилек” деп атап, туристтерге 75 орундук эс алуучу үй курган. Бул аймак-тагы аксакалдардын айтымында Төш-Булак тоолорунун боорунан аккан булактардын көбү бүтөлүп калыптыр.  Ишкер  Жуманазаровэс алуучу жайды кура баштаганда бул жерде эки гана булак бар болсо, ал беш булакты таап, тазалап, түтүк орнотуп суу агызган. Булактардын суусунун табигый курамын текшерте келгенде адамга абдан пайдалуулугу аныкталыптыр. Ушундан кийин ал жерге машинеси менен булактын суусуна каттаган-дар арбыды. Ишкердин бизнесине 50 метр жерден тоонун таптаза чоң суусу агып өтүп, ага Шабай суусу  кошулат.  Андан  ылдыйкы айылдардын калкы суу ташып ичет. Ушуга байланыштуу ишкер Жуманазаров эс алуу үйлөрдөн чыккан саркынды суулар ошол чоң сууну булгабас үчүн саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу заманбап жабдууну орнотууга бел байлаган. “Эгер мен капчыгымды карап арзандыгын ойлосом, терең чуңкур казып, боорун цементтеп, суу түбүн көздөй жер алдына агып кетчүдөй бош коймокмун. Мындай кайдыгерлик менен иштегендер деле аз эмес. Бирок, эртедир-кечтир заара аралашкан агындылар жер алдындагы таза сууларга барып кошулмак. Бир аз жылдан кийин чуңкурда жаракалар пайда болуп, жарактан чыкмак. Мен ылдыйкы айылдардын элинин ден соолугуна кыянаттык кылгым келбеди. Андан тышкары, жер кыртышы да талкаланмак. Ошондуктан бери жагы 40-45 жылга чейин сапаттуу иштей турган агындыларды тазалоочу жабдууну орнотууну туура көрдүм. Жаңы жабдуу аркылуу 94 пайыз тазаланып чыккан сууну короо сугаруу, кир жуу сыяктуу бардык чарбалык жумуштарга колдонууга жарайт. Ушул суу жер алдындагы 11 түтүк аркылуу андан аркы тазалануу процессинен өтөт. Мына ошол акыркы баскычтан биротоло тазаланган суу жер алдына агып кетет. Ушул процесстердин баарын KyrSEFFтен келишип, мониторинг жүргүзүп кеткенден кийин бизнестин экологияны коргой турган долбоорлору аркылуу гранттык колдоого алышууда”, – дейт ишкер мырза.

Омор  Жуманазаров  курган суу тазалагыч ушул курулмалар Германия, Чехия же кошуна Казакстан  сыяктуу  мамлекеттерде небактан бери колдонулат. Мамлекет акыркы жылдары атамекендик бизнес ти колдоого алган бир катар  чечимдерди  кабыл  алды. Мисалы, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, чоң-кичине эс алуучу жайлардын баарына суу тазалоочу заманбап жабдууларды орнотууга кыйла убакыт берди. Бизнес жерден боорун көтөрүп алуусу үчүн айыптык санкцияларды колдонбой келе жатат. Айтайын дегенибиз, ишкер Омор Жуманазаровдун Сокулуктун Шабай коктусуна курган суу тазалоочу жабдуусундай жабдуу орнотулмайын Көл экологиясы тууралуу сөз кылганыбыз бекер.