26-апрелге карата аба ырайы

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 15…17 градус болот.