Соцтармактар аркылуу чогулган акчалай жардам Аюу айылында жабыр тарткандарга тапшырылды

Социалдык тармактар аркылуу элден чогулган акчалай жардам Өзгөн районундагы Аюу айылына жеткирилди. Бул тууралуу фейсбуктагы жеке баракчасына Акбалык Жумалиева аттуу колдонуучу жазды.

Иш-чара алкагында аталган айылдагы жер көчкүдөн жабыркаган 7 үй-бүлөгө 9600 сомдон акчалай жардам тапшырылды. Активисттер акчалай жардам менен кошо колу ачык адамдар тарабынан чогултулган жылуу кийим кечелерди тапшырышып, ал акыбалынан кабар алышты.

Эске сала кетсек, 29-апрелдин таңында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында болгон жер көчкү 7 турак жайды, 24 жашоочусу менен басып калган.