Өткүрбек Жамшитов Башкы прокурор болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кол койгон Жарлыкка ылайык, Жамшитов Өткүрбек Асилбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.