Элмира АЖЫКАНОВА, радиожурналист: «Кайран атам, асыл атам, учурунда жаштык кылып, баркыңызды билбепмин»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Бала кезде атаңдын да, энеңдин да баркын билбейт экенсиң. Кара жандарын карч уруп, балдарын багып жатканы менен ишиң да болбойт экен. Кийин-кийин үй- бүлө, бала-чака деген өз башыңа келгенде ойлоно баштайт экенсиң.

Биз  жети  бир  тууганбыз.  Үч   уул, төрт  кыз.  Апам  72  ге  чыкты. Айылда эң кичүү бир тууганымдын колун-да. Калгандарыбыз өз-өз турмушубуз менен алекпиз.

Атам ыраматылык 60 жашында күтүүсүздөн  жол  кырсыгына  кабылып, көзү  өтүп  кетти.   Айылыбызда   Асанбек  аттуу  үч  киши  бар  эле.  Бирин  министр Асанбек, экинчисин милийса Асанбек,  менин  атамды   шоо пур  Асанбек дешчү. Өмүр бою совхоздун жүк ташыган машинесин айдады. Кырманга буудай, чабандарга тамак-аш, жем-чөп, айтор чарбанын оокаттарын ташычу. Жумушуна эрте кетип, кеч келчү. Өтө мээнеткеч багбан, дыйкан киши эле. Элде жок көчөттөрдү таап келип өстүрчү. Ал тургай Таластагы орус досторунан гүлдөрдүн да түр көчөттөрүн алып келчү. Биздин короодо гүлдөр көп болоор эле. 1-сентябрда мектепке ар бирибиз бир кучак гүлдесте менен барчубуз . (Азыр деле апам ошондогудай гүл айдайт) Огороддогу картөшкө, жашылчалардын арасында бир дагы отоо чөп болбойт эле. Жерди, бактарды, малды, тоок-үндүктү жакшы бакчу.

Атам жетим өсүптүр. Туугандарынын колунда чоңоюп, анан аскерге кетип, аскерден кийин Жумгалдагы, Кызыл-Кыядагы көмүр шахтасында жумушчу болуп иштеп жүрүп, отуз бирге чыкканда он сегиздеги апама үйлөнүптүр. “Жетим өз киндигин өзү кесет” болуп, карандай мээнети менен үй салып, чарба курап, мал багып эл катарына кошулуптур. Мүнөзү токтоо, шашпай сүйлөгөн, иштин майын чыгара мудаалап жасаган адам болчу. Апам жети баланын тамак-ашынан, кир-когунан колу бошочу эмес. Ошондуктан сырттагы жумуштун баарын өзү бүтүрчү.

Эсимде, кышкысын атам ар бирибиздин өтүгүбүздү ичине колун салып текшерип, жатаарда мештин жанына тизип койчу. Эртең менен жыпжылуу кийип кетчүбүз. Жазган дептерибизди, күндөлүктөгү бааларыбызды текшерип, ата-эненин колу деген жерине кол койчу. Мектептеги ата-энелер чогулушуна көбүнчө атам барар эле. Кимибиздин батинкебиз жыртылды, кими-биздин пальтобуз жок, кимибизге мектепке акча керек – баарын атам өзү көзөмөлдөп, базарга ээрчитип барып сатып берчү. Велосипед, лыжа, коньки алып келчү. Анан да балдарыма зоопарк ты көргөзөм деп бизди Жамбылга (азыркы Тараз) алып барганын эстейм. Агам, иним үчөөбүз биринчи жолу пилди, маймылды, аюуну көргөнбүз.

Алтын тиш мода болгондо бир уюн са-тып, апама тиш салдырып бергени эсимде. Азыр ойлосом раматылык атам үй-бүлөсү үчүн аябай камбыл болгон экен. Апамды аяп турчу. Тамак-ашын үзбөй камдап берчү. Тамеки тартып, арак ичип, көчөдө дөгүрсүп жүргөндөрдү  жининдей  көрчү.  Аласа-бересеге абдан так, чынчыл, калыс киши эле. Айылдагылар атамды немистей киши деп коюшчу. Эч качан чоңдорго, колунда барларга кошомат кылып жасакерленчү эмес. Эмгекти жакшы көрчү. Таң атпай туруп колуна кетмен-чотун алып огороддо, бак ичинде жүрөөр эле. Ошол жактан чайга чакырып келчүбүз. Атамдын тиккен бак-дарагы, алма-өрүгү азыр да бар.

Атамдын короодогу семиз койлору айылдагы   күтүүсүздөн  келген  коноктордун канчасына союлду. Күнбү-түнбү: – Асаке, барсыңбы? Куда келип калып-тыр, уят болбоюн семиз кой барбы? – деп келишчү.

Өзү менен кошо балдарын, өзгөчө эркек балдарын эмгекке үйрөтүптүр. Азыр агам, эки иним атамды тартып мээнеткеч. Таңдан кечке чарбалары менен алек. Үч эркек баласына ар дайым “Кызга тийбе, кызга эрегишпе, кызга кол көтөрбө”, – деп көп айтчу.

– Эркек бала не кылса да оокат кыла алат, мен кыздарымды окутушум керек, кабинетте олтуруп иштешсин, – деп биз-ди, кыздарды окутту.

Өткөөл заман келип, колхоз-совхоздор тарап, элге үлүш жерлер берилгенде атама 6 гектар жер тийди. Ошого абдан кубанды. Биринчи эле жылы кант кызылча айдап аябай көп түшүм алган. Кант заводдон тонна- тонна шекер алып келгени эсимде. Ошол жылы атам автокырсыктан күтүүсүз каза болуп калды. Алтымышка чыгып калса дагы өз курагынан жаш көрүнүп, жаш адамдай күжүрмөн эле. Айыл ичинде велосипед менен зуулдап жүрчү.

Атам каза болгондо мен турмушка чыгып бир балалуу болгом. Арманым ичимде калды – өз колумдан бир чөөгүн чай бергенге үлгүрбөй калдым. Улуу агам да жаңы үйлөнгөн. Калган бир туугандарым жаш эле. Биздин сыйыбызды көрбөй кетти. Балдарына жасаган мээнетин кайтара албай калдык. Ошентсе да атамдын эмгек-чилдиги, калыстыгы, түз жүргөнү бизге өттү.

Азыр үй-бүлөсүн жарытып бага албаган, арак ичип, көчөдө сандалган күйөөлөрдү, аталарды көргөндө өз атамды эстейм. Кайран атам, асыл атам – учурунда билбепмин, жаш болупмун, түшүнбөпмүн. Көрсө, менин атам чыныгы ата, чыныгы адам болуптур.