Келечегибиз үчүн эң керек кеңешме

Эгемендик алгандан берки жылдары Кыргызстанда диний билим берүүнүн сапатына толук кандуу көзөмөл болгон эмес. Акыркы жылдары гана мамлекет бул олуттуу маселеге жүзүн буруп, ал жактагы башаламандыктарды иретке келтирүүгө аракет кыла баштады. Мамлекеттүүлүгүбүз үчүн маанилүү болгон бул иште белгилүү журналист Чолпон Орозобекова негиздеген Булан институту да өзүнүн зор салымын кошууда.

Өткөн жылы Булан институту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте  Кыргызстандагы  диний билим берүүнүн абалына арналган атайын иликтөө жүргүзүшкөн. Иликтөөнүн  жыйынтыгы  менен ачыкка  чыккан  кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү мекеме-уюмдарга сунуштар берилген. Өткөн айдын акырында Булан институту Муфтият, Билим берүү министрлиги, медресе башчылары, Уламалар кеңешинин мүчөлөрү, теологдор жана башка адистердин катышуусунда конференция өткөрүп, диний билим берүүнүн абалы боюнча чоң талкуу уюштурду. Ага Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директору Зайырбек Эргешов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Кыргызстан Мусулмандар Диний  башкармалыгынын  билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Уламалар Кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев, эксперттер Асан Ор-мушев,  Нурлан  Исмаилов,  Асан Саипов, Жакшылык Борочоров ж.б. катышты.

Талкуунун уюштуруучусу, Булан  институтунун  негиздөөчүсү Чолпон Орозобекова:

«Кыргызстанда эң көп медресе  Чүй  облусунда  жайгашкан.  Эң аз Нарын облусунда экен. Мисалы Чүйдүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө эле 4 медресе жайгашкан. Республика боюнча жалпысынан 114 диний билим берген мекеме бар. Анын 11 Ислам институттары, бири Ислам университети болсо калганы медреселер. Булардын ичинен жалгыз гана Кыргызстан Ислам университети Билим берүү жана илим министрлигинен  лицензия  алган. Калгандары бүтүрүүчүлөрүнө мам-лекеттик үлгүдөгү документ эмес, өздөрүндө гана таанылган сертификат, күбөлүктөрдү беришет. Медреселерди бүткөн балдардын колунда мамлекеттик үлгүдөгү документи жок болгондуктан андан ары окуусун уланта албай, кесиптик билим ала албай калышууда. Ал эми кесиптик билими жок болсо, ишке дагы орношо албайт. Ошондуктан бул маселе токтоосуз чечилиши керек. Ал үчүн окуу жайлар лицензиянын бардык талаптарына жооп бергидей болуп, окуу программасын мамлекеттик стандарттарга ылайыктап, свет-тик предметтерди киргизиши керек»,– деди.

Ал  эми  аталган  медреселер эмне үчүн лицензияга ээ боло албай жатканын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди  Кожобеков мындайча түшүндүрдү:

«Азыр бизге окутуунун сапаты, кимди окутуп жатабыз жана алар кандай натыйжага жетиши керек деген маселелерди чечип алуу зарыл. Медресени бүткөн балдарды колледжге, андан бакалаврга, анан магистратурага кантип өткөрөбүз деген сыяктуу актуалдуу маселелердин үстүндө ойлонушубуз керек. Медресени бүткөн окуучулар кандай натыйжаларга ээ болушу керек деген суроого так жооп алуу зарыл. Анткени азыр ушул багытта жаңы мыйзам долбоору киргизилип жатат. Андыктан бир жактуу билим берүүдөн баш тартуу керек. Талапка жооп бергендерге гана лицензия берилет. Ушул талаптар аткарылбай жаткандыктан ушул күнгө чейин медреселер лицензия ала албай келишет».

Диний окуу жайларга лицензия берүүдө өтө кылдаттык менен таразалап көрүү керектигин айткан эксперт Нурлан Исмаилов:

«Көп  мамлекеттерде  аларды лицензиялоо акырындык менен диний чөйрөнүн саясатташуусуна алып келген. Биз бул маселе менен ойнобошубуз керек. Анткени башка мамлекеттерде диний окуу жайларды лицензиялоо жакшы жакка алып келген эмес. Египеттин, Түркиянын мисалдарын карап көрсөк болот. Бир канча мамлекеттер бул мектептен өтүп бүтүштү. Ошондуктан шашылбайлык, дагы терең ойлонолук. Кыргызстанда биринчиден, диний окуу жайлары эмне үчүн керек, кандай функцияны аткарат жана аткарышы керек, республикага канча окуу жай жетиштүү болот деген суроолорго так жооп алуу зарыл. 5-10 жыл мурда медреселердин саны элүүдөн ашып кетет деп жатсак, азыр жүздөн ашып кетти. Эртең канча болот, ушул боюнча калабы же дагы көбөйтөбүзбү. Бирок маселенин экинчи тарабы – ушунчалык диний окуу жайды ачып жатканыбыздын максаты эмнеде экендиги ачык бойдон калууда. Жүздөн ашык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү каякка кетип жатат? Азыр айылдардагы мечиттерде диний сабаты жоктор молдо болуп жатышат. Медресени, институтту бүтүп жаткан бала айылга барып молдо боло албаса, элге билим бере албаса, элдин диний сабатын толук, так ачып бере албаса, анчалык бүтүрүүчүнүн бизге эмне кереги бар деген суроо туулуп жатат. Кыргызстанда экстремизмге, терроризмге каршы күрөшө турган мамлекеттин бирден бир өнөктөшү, таянар тоосу – диний ишмерлер. Алар билимдүү, илимдүү болсо, динди жакшы билсе мамлекеттик деңгээлдеги көп маселелерди түздөн-түз чечип койсо болот»,– дейт.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын өкүлү Равшан Эратов:

«2014-жылы Коргоо кеңешинде дин маселеси каралып, мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы ушул концепцияны ишке ашырууда диний билим берүү тармагын өнүктүрүү, опти-малдаштыруу, тийиштүү шарттарды түзүү боюнча бир топ алгылыктуу  иштерди  жасай  алды. Окуу программаларын бирдиктүү калыпка алып келүү маселеси боюн-ча атайын диний билим берүү концепциясын жандандырып, аны ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Аалымдар кеңешинин 2010-жыл-дагы токтому менен диний билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясы дагы кабыл алынган. Ошол жерде медреселерди атайын баскычтарга бөлүп чыкканбыз. Айыл жериндеги медреселер башталгыч медреселер, андан кийин эки-үч жыл окуй турган орто медреселер, жогорку медреселер бар»– деген оюн айтты.

«Кеңешип  кескен  бармак оорубайт» – дейт. Дин тармагы өтө олуттуу мамиле кыла турган маселе. Өзгчө диний билим берүүнүн абалын мамлекет өзү көзөмөлгө алба-са эртең алакандай кыргызды алтыга бөлгөн абалга кептелишибиз мүмкүн. Дин ишмерлери, мамлекеттик органдардын башын бириктирген мындай талкуу Кыргызстанда биринчи ирет өтүп отурат. Албетте акыркысы болбошу керек. Дал ушундай ийри олтуруп, түз кеңешкен жыйындар, конструктивдүү диалогдор акырындык менен өз жемишин берээрине ишенебиз.

Тиленбек АЗЫК