Көпчүлүктүн чоң көйгөйү – турак жай маселеси

Кыргыз эли эгемен мамлекет болгондугуна 27 жыл болот. Мына ушул жылдары кыргыз коомунда мамлекетти түптөөдө жана бекемдөөдө ар кыл окуялар болду. Негизинен өнүгүү багыты туура жолдо болгондугун мезгил тастыктап келүүдө.

Бирок, өлкөнүн өзөгүн түзгөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу маселеси дале болсо оор бойдон калууда. Эң өкүнүчтүүсү, буга чейин жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси майда-барат, анча мааниси жок көйгөй болуп келген. Акыркы жылдары гана акырындык менен иш оңунан жыла баштады.

Акыркы статистика боюнча калктын саны 6 миллион 256 миң болду деп жарыя кылынды. Албетте, көбөйгөнүбүз абдан жакшы. Бирок көбөйгөнүбүзгө жараша көйгөйлөрүбүз да көп болууда.

Мисалы, жаңы куралган үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу түшкө кирбеген нерсе. Айрым гана колунда бар ата-энелер бүлөлүү  болгон  балдырына  өзүнчө  үй сатып же салып бербесе, көпчүлүгү ата-энесинин колунда же болбосо батирлеп жүрүшөт.

Мына ушундай жагдайда зарылчылык мыйзамдуулуктан өйдө болуп, жаштар Бишкек шаарынын тегерегиндеги айдоо жерлерди басып алышып турак жай кура  башташкан.  Андан  соң  ал  жерлер мыйзамдаштырылып  үлүш  жердин  ээлери, жеке менчик макамына таянышып өздөрүнүн жерлерин трансформация кылып, үй салууга муктаж жарандарга сата башташкан.

Сугат айдоо жерлер азайып баратат, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна залалы тиет деген чакырык менен 2009-жылдын 31-июлунда ошол кездеги өлкө башчысы К.Бакиевдин жарлыгы токулуп «Сугат, айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган.

Ачыгын  айтуу  керек,  көпчүлүк  элдин  мүдөөсүнө  каршы  келе  турган  бул мыйзам  жашоодо  өз  ордун  таба  алган жок. Анын кашкайган мисалы, дал ушул мыйзам кабыл алынгандан тартып, буга чейин  мыйзам  алкагында  үйлөр  салынып келсе, өзүбүздүн чатырыбыз болот экен деп үмүттөнүп жүргөндөрдүн тилегин таш каап, тобокелге салуу менен мыйзамсыз үйлөрдү куруу өнөкөтү башталып кеткен.

Бүгүнкү күндө республика боюнча, мурдатан ар кандай себептер менен мыйзамдаштырылбай калган турак жай курууга жерди трансформациялоого мораторий жарыялангандан кийин салынып кеткен үйлөр 13,0 миң гектар жер тилкелерин ээлейт.

2013-жылдын 15-июлунда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”  мыйзам  кабыл  алынган.  Бул мыйзамда да жеке турак жай салууга муктаж жарандардын кызыкчылыгы корголгон эмес. Тескерисинче, мыйзамдын 20- беренесинде жеке менчикте турган жер тилкелерине турак жай курууга бөгөт коюлган. Бул беренеде жазылган: эгерде жер тилкесинин жеке менчик ээси жеке турак жай куруу үчүн трансформацияга бере турган болсо, анда ал жерин айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү керек делинген. Жарандын жеке менчик жерин айыл өкмөтү алууда ага теңдеш жер берүүсү керек, болбосо сатып алуусу зарыл. Аныгында айыл өкмөтүндө алмаштырып бере турган ылайыктуу жери жок, сатып алууга бюджеттен акча каралган эмес, бул кадимки – нонсенс болгон. Ал эми аталган мыйзамдын 21-бере-несинде 2009-жылдын 31-июлуна чейин мыйзамсыз салынып кеткен үйлөргө мораторий киргизилбейт деп жазылган.

Бул пунктту аткарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 3 айлык мөөнөт берилген. Аталган мыйзам кабыл алынгандан бери 4 жарым жыл өттү, бирок аткарыла элек. Ал ортодо ведомстволор аралык комиссия иштеп, өзүнүн корутундусун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. Кортундунун негизинде мыйзам долбоору иштелип чыгып 2009-жылдын 31-июлуна чейин салынып кеткен үйлөрдү мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам үч окуудан өтүп, мурдагы Президент А.Атамбаев тарабынан айрым бир эскертүүлөр менен кайрадан кайтарылган. Бүгүнкү күндө мыйзам сакталбай, мөөнөтү эбак өтүп кетсе да бул мыйзам кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан карала элек.

Ал эми ошол мөөнөттөн бери мый-замсыз үй салуулар бир канча эсе көбөйдү. Мыйзамдуу түрдө үй салабыз деген жарандардын көксөөсү сууп, мыйзам менен үй салууга мүмкүнчүлүк жок экендигине ынанышып, арга жок мыйзамсыз түрдө үй салуулар  бүгүнкү  күндө  да  уланууда.

2017-жылдын 14-декабрында «Сугат, айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка  категорияларына  жана  түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мора-торий киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.

Натыйжада сугат, айдоо жерин тиричиликтин бардык жагдайлары үчүн которо берүүсүнө жол ачылган, бир гана жеке турак жай куруу үчүн уруксат берилген эмес. Бул мыйзамга ылайык, көрүстөн салганга, газ трубаларын өткөрүүгө, электр чубалгыларын тартууга, өндүрүш объектилерин жана аэропорт ку-рууга мораторий киргизилбей тургандыгы бекемделген.

Жашоодо бардык жасалган аракеттер адам үчүн жасалаарын эсепке алганда бул мыйзамдын жаралышы туура эместей. Тирүүлөр үчүн баш калкалаганга, үстүнө үй салып алууга деп багытталган 4 сотых жерин трансформация жасоого болбойт да, өлгөн адамдарды көмө турган көрүстөнгө бериле турган жерди трансформациялоого болот дегени кандай? Адам тирүү кезинде жер тилкесин алып үй салып алган туурабы же ага өлгөндө бир чарчы метр жерге муктаждыгы артыкпы? Чечмелеп болбойт. Бүгүнкү күндө канчалаган үй-бүлө турак жайга, аны салуу үчүн жер тилкесине муктаж болуп турат. Ар бир экинчи жарандын эң башкы маселеси – дал ушул өздүк турак жайынын жоктугу.

Мындай оор жагдай калкыбыздын генофондуна терс таасирин тийгизип жаткандыгын да моюнга алууга аргасызбыз. Анткени, жаш үй-бүлөлөр шарт жоктугунан, өзүнчө түтүн булатып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгынан улам эртелеп ажырашып кетүүлөр көп болууда. Анын кедергиси тийип, көптөгөн наристелер  атасыз  же  энесиз өсүүдө.

Турак  жай  куруу  үчүн  жер бөлдүрүп алуу өтүнүчү менен кайрылган учурлар абдан көп. Атүгүл жалпы кайрылуулардын үчтөн эки бөлүгү ушул маселе болуп саналат. Жарандарды үй менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында так жазылган. Бул үчүн көпчүлүк кыргыз жарандарынын көкөйүнө көк таштай тийген К.Бакиевдин 2009-жылдын 31-июлундагы мыйзамын толугу менен жокко чыгаруу маселеси бышып жетти деген мекендештерибиздин саны көп.

Тиленбек АЗЫК