Баткенде жер көчүп, 7 айдоо жерди басып калды

Баткен облусунун Кыштут айыл аймагында жайгашкан Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45 миң куб метр жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, натыйжада Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 га айдоо жерди басып калган.