Майрамдарга карата эс алуу күндөрү белгилүү болду

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей май айындагы майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрү төмөнкүдөй.

1-май — Эмгек жана тынчтык майрамына карата 30-апрелдеги жумуш күнү 28-апрелге жылдырылды. 30-апрель жана 1-май эс алуу күндөрү деп жарыяланды.

5-май — Конституция кабыл алынган күнүнө карата, 5-май ишемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу 7-майга которулат. 9-май — Жеңиш күнү да жумуш күнү эмес.