Эки Корея лидерлеринин жолугушуусу башталды

27-апрелде эртең менен Түштүк жана Түндүк Корея лидерлеринин алгачкы жолугушуусу өттү.

Эки мамлекеттин саммитинин алкагындагы жолугушуу Түштүк Кореянын аймагындагы Панмунжон кыштагында өтүп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, саммитте “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, туруктуу тынчтык орнотуу, корей аралык мамилени алга жылдыруу” маселелери талкууланат.

Бул Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Түштүк Корея лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барган.

Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин азыркы саммитинен кийин Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өтөрү айтылууда.

Ким чен Ын 1953-жылдагы согуш аяктагандан бери аскердик демаркациялык сызыктан өтүп, Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган алгачкы лидер болуп калды.