11 жаштагы өгөй кызын 5 жыл бою зордуктап жүргөн киши 20 жылга кесилди

Ош облустук соту жашы жетелек кызды 5 жыл бою зордуктаган өгөй атаны 20 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы билдирди.

Эске сала кетсек, Өзгөн районунун 50 жаштагы жашоочусу жашы жете элек өспүрүм кызды 5 жыл бою зордуктап келгендиги үчүн айыпталып, Өзгөн райондук соту тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Буга жабырлануучу тараптын жакындары нааразычылык билдирип, Ош облустук сотуна доо арыз менен кайрылган.

Ош областук соту Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси боюнча айыпталган 50 жаштагы Б.Ж. аттуу айыпталуучуга карата Өзгөн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, соттолуучуну угузулган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, Кылмыш жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде 20 жылга эркининен ажыратты.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

Өкүмгө нааразы тарап көзөмөл иретинде Жогорку сотко даттанууга укуктуу.