Сүрөтчү Азамат ЖАНАЛИЕВ: «Аянтта желек кармап туруу мен үчүн чоң сыймык болду»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


24-апрель күнү кечке жуук Бишкекте ылдамдыгы 17-22 метрге жеткен шамал болду. Катуу шамал бак-дарактарды кулатып, үйлөрдүн чатырларын алып кетти. Ошондой эле, Ала-Тоо аянтындагы эң башкы желегибизди учуруп кетти. Мамлекеттик туунун үзүлүп түшкөнүн уккан сүрөтчү Азамат Жаналиев үйүндө тынч жата алган эмес. Ал аянтка иш бөлмөсүндө турчу желегин алып келип, жаанга карабай түнкү саат 12 ден таңкы 6га чейин көтөрүп турган. Сүрөтчүнүн интернет булактарына: “Үйдө жөн жата албай койдум. Желек алып келип, борбордун борборунда турам. Чоң желек келгенче күтөм”,-деп жазган посту коомчулуктун назарын бурду. Анын мындай кадамы алкоого алынып, мактоолорго ээ болду. Эске салсак, А. Жаналиев буга чейин Россиянын, Монголиянын жана Түркиянын президенттеринин сүрөтүн тартып, өздөрүнө белек кылган.

– Азамат, желекти шамал учуруп кеткенин качан, кайдан уктуңуз?

– 24-апрелде учурдагы президентибиз Сооронбай  Жээнбековдун  сүрөтүн  тартып бүтүрүп, үйгө кечки саат 10дордо баргам. Чай үстүндө отуруп, интернеттен шамал желекти учуруп кеткенин окуп калдым. Эмнегедир,  үйдө  тынч  отура  албай  койдум.  Аянтка  барып,  желектин  жоктугун көрдүм.  Ошол  замат  желек  таап  келүүгө кириштим.

– Желекти кайдан алып келдиңиз?

– Өзүмдүн иш бөлмөмдө турган желекти алып келдим. Ошондой эле, таң атканча аянтта желекти кармап турдум. Бул мен үчүн чоң сыймык болду.

– Мындай кадамга кандай максат менен бардыңыз?

– Кыргыздын каада-салты, маданияты боюнча туу эки гана учурда ылдый түшүрүлөт эмеспи. Биринчиси, аза күтүүдө болсо, экинчиси согуш учурунда. Бул эки себепсиз аянтта желектин жоктугу жигиттик намысыма тийди. Суукка, жаанга карабай желекти 6 саат бою көтөрүп турууну чечтим.

– Түнү менен желек көтөрүп турганыңызды колдоп, мактоо сөздөрүн айткандар көп болду, бирок, ошол эле учурда өзүн реклама кылуу үчүн жасалган иш деген ой-пикирлер да жок эмес. Сиз эмне дейсиз?

–  Эл  оозунда  элек  жок.  Ар  бир  адам өзүнүн  деңгээлине  жараша  ой  жүгүртөт. Сиз айткандай мактагандар да, сындагандар да болуп жатат. Бирок, мени колдогондор көбүрөөк. Мен бул кадамым аркылуу ар бир кыргыз жигитинин көкүрөгүндөгү мекенчилдик сезимдерин ойгото алдым деп ойлойм.

– Сиздин желек алып келгениңизге эң алгач кимдер күбө болду, кандай мамиле жасашты?

– Эң биринчи милиция кызматкерлери көрдү. Анткени, мен адегенде желекти кайтарып турган эки аскердин ордуна туруп алгам. Ал жерге турууга болбостугун айтып, алар мени ылдый түшүрүштү. Бирок, эч кандай карышылык көрсөтүшкөн жок. Тескерисинче, мени көргөн жарандардын бардыгы чай, кофесинен тартып, үстүмө куртка алып келип беришти. Мени менен сүрөткө түшүп, видеого тартып жатышты.

–  Өлкө  башчыбыздын  сүрөтүн тартып бүткөнүңүз тууралуу айттыңыз, бул эмгек канча убакта жаралды?

– Баш аягы бир ай убакыт кетти.

– Ээсине качан тапшырайын деп жатасыз?

– Сүрөттү президентибиз Сооронбай Ша-риповичке белек катары берсемби, же аукцион өткөрүп сатсамбы деп ойлонуп жатам. Анткени, буга чейинки бардык сүрөттөрүмдү белек кылып бере берип, карыздарым аябай көбөйүп кетти.

– Бир сүрөтүңүз үчүн канча акча сарптайсыз?

– Кымбатка эле түшөт. Анткени, президенттердин сүрөтүн дайыма таза кайыштарга тартып жүрөм. Андан сырткары, фанера, мык, жип ж.б. пайдаланам.

– С.Жээнбековдун сурөтү канчанчы эмгегиңиз?

– 20-сүрөтүм болду.