Жаңы өкмөттүн алгачкы кадамдары: ишеним, илгери үмүттөр

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Өлкөнүн премьер-министрлик кызматына Мухаммедкалый Абылгазиевдин келиши жана ал жетектеген өкмөттүн жаңы курамы коомдук ой-пикирдин күрөө тамыры болуп калган социалдык түйүндөрдө жана эл арасында кызуу талкууларды жаратып, жаңы дайындоолордун ысыгы сууй электе жылуу пикирлер айтыла баштады.

Коомдук ой-пикирде жаңы өкмөт башчы ары оор басырыктуу, ары салмактуу, ашыкча кеп-сөзү жок, ишке берилген, саясый интригалардан алыс, тиги же бу топторго кошулбаган, өз ишин мыкты билген, эң башкысы колу таза, эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаган инсан катары мүнөздөлүүдө.

Ушул маанайдагы жылуу пикирлер Өкмөт курамына келген эски жана жаңы жүз дөргө: вице-премьер-министрлерге карата да айтылууда. Алсак, акыркы жылдарда «кыргыз Шойгусу» катары эл арасында кадыр-баркка ээ болгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун биринчи вице-премьер-министр кызматка дайындалганын коомчулук эң туура кадрдык жүрүш катары кабыл алды. Жаңы Өкмөттүн курамында ага инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөө жүктөлгөн. Ушуга чейин артында өзү тууралуу жаман сөз илештирбей келаткан К.Боронов өзүнө жүктөлгөн чоң ишенимди актап, татыктуу иштей турган ишеним бар.

Ушул эле сөздү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айтсак да болот. Ал 2016-2017-жылдарда да вицелик кызматты аркалаган. Демек, ал үчүн өкмөттүн иши чоочун эмес. Ж.Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координацияламакчы.

Жогорку Кеңештин депутаттыгынан аткаруу бийлигине өткөн «Республика — Ата Журт» фракциясынын экс-депутаты Алтынай Өмүрбекова өз мезгилинде Бишкек шаарындагы Ленин районун жетектеп турганда эле мыкты уюштургуч, күйүмдүү жетекчи катары шаардыктардын сынына толгон. А.Өмүрбекова өкмөттүн социалдык тармагы жүктөлгөн вице-премьер-министри кызматында өз ишин илгиртпей алып кетеринде шек жок.

Социалдык түйүндөрдө өкмөттүн финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелеринин жоопкерчилигин алган вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тууралуу да жылуу пикирлер айтылып жатат.

Адатта, өкмөт курамына сын көз караш менен карап келишкен парламенттеги оппозициялык фракциялардын депутаттары «өкмөт курамына иштин көзүн билген жетекчилер, популизмден алыс прагматик өкмөт келди» деген жылуу пикирди айтышууда.

Албетте, берилген ишеним, илгери үмүткө мезгил өзү күбө болору талашсыз.

Ал эми Өкмөттүн жаңы курамынын алгачкы кадамдары тууралуу айтсак, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мурда бекитилген өкмөттүк программалардагы оңдуу башталыштарды ишке ашыруу улантыларын билдирди жана Өкмөттүн чечимдерин жана башка ченемдик-укуктук  документтерди  даярдоодо анын сапатын жогорулатуу зарылдыгын баса көрсөттү.

Коомчулуктун пикирин эске алуу менен, Өкмөттүн жалпы ишмердүүлүгүндө КР Президентинин аппараты жана Жогорку Кеңеш менен бирдиктүү иш алып барууга басым жасалганы алгылыктуу кадам экени айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстан бир өлкө, бир мамлекет – анын келечеги үчүн ынтымак жана биримдик керек.

Жаңы өкмөттүн алгачкы жумушчу кеңеш-меси 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү жыйынтыктарына арналганы бекеринен эмес. Бул бүгүнкү күндө күндүн талылуу маселелеринин бири болуп отурат. Ошондон улам, энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат деп билдирген Премьер-министр: “Узак мезгилден бери тутумдук коррупция энергетика тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, натыйжада жагымсыз абалга алып келген. Энергетикалык тармак экономиканын натыйжалуу иш алып барган тармагына айлануусу үчүн аталган тармакты ирээтке келтирүү, энергетикалык компаниялардын ишинин финансылык ачыктыгын камсыздоо учуру келди”, — деп баса көрсөттү.

ИИМ жана УКМК жетекчилеринин катышуусунда  жумушчу  кеңешме  өткөргөн Премьер-министр М.Абылгазиев: «Коомдо укук коргоо органдарына карата олуттуу сындар, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча да нааразычылыктар бар. КР Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш айныксыз түрдө, ээлеген кызмат орундарына карабастан жүргүзүлүшү кажет. Буга катар күч блогунун кадрдык потенциалын жогорулатуу үстүндө ишти алып баруу зарыл. Укук коргоо органдарына кесипкөй жана таза адистер тартылышы керек», – деп билдирүү менен коррупция менен күрөшүүдө эч кандай аёо болбостугун тастыктагандай болду.

М.Абылгазиев жетектеген өкмөт сунуш кылган «Ишеним, биримдик, жаратмандык» программасында аймактык өнүктүрүүгө,  айыл чарба тармагына, энерготутумду реформалоо го, социалдык өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине алдыңкы санариптик технологияларды киргизүүгө артыкчылык берилген.

Өкмөт башчынын айтымында, өкмөттүк программаны ишке ашырууда коомдогу бардык көйгөйлөр камтылат жана ал программа Кыргызстанды 2040-жылга дейре туруктуу өнүктүрүү стратегиясы менен интеграцияланат.