Волейбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан коло медаль утту

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы командасы үчүнчү жолу өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпионатында коло медаль алды.

Атамекендик волейболчулар үчүнчү орун үчүн Непал мамлекетинин курамасы менен беттешип, оюн 3:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына чечилген. Андан кийин Кыргызстан тайпалык этапта Түркмөнстанга 0:3 эсебинде утулуп, бирок Өзбекстанды 3:2 эсебинде утуп чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Кыргызстандын курама командасы Бангладештин менен туш келип, 2:3 эсебинде утулуп калган.

Эскерте кетсек, мелдеш Бангладеш мамлекетинде 21-апрелде башталган.