Кыйылган бактар. Кымбат баага алынган көчөттөр. Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогон чиновниктер…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Жолго шылтоолоп 7 миңден ашуун бак-дарак кыйылган, көрсө иттин өлүгү ушул жакта катылуу экен…

Элдин эсинде чыгар, былтыр мэриянын түздөн түз жетекчилиги алдында Бишкек шаарында 7 миңге жакын бак-дарак кыйылган. Шаардыктардын нааразылыгына карабай көжөлгөн шаар бийлиги бак-дарактардын кыйылуу себебин 49 жолду кеңейтүү жана жолду бошотуу үчүн машина токтомо жайларын куруу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Ызы-чуунун очогуна айланган Токтоналиев көчөсүндө шаардыктар менен шаар бийлиги жакалашканга чейин барган. Бирок, бир эле ушул көчөдө 1 миңден ашуун бак-дарак кыйылды. Мэрия экологдордун бак-дарактарды массалык

кыюунун узак мөөнөттүү кесепети тууралуу эскертишкенине да, «Бак-дарактар шаардын өпкөсү, а машина болгону темир. Биз өзүбүздүн, балдарыбыздын ден соолуктарын курмандыкка чалып, бул темирдин кулуна айланбашыбыз керек» де-ген шаардыктардын ачуу кыйкырыгына да кулак салбады, ар бир кыйылган бактын ордуна экиден көчөт отургузулат деп шаардыктардын көңүлүн соороткон болду. Көрсө, иттин өлүгү ушул жакта катылган экен.

Эмил Шүкүров кейиди эле, анда эч кимибиз эрөөн алган эмеспиз…

Азыр экинин бири шаар бийлигин ашата сөгүп, эл кыйналып, өлкөнүн экономикасы өлөсөлүү болуп жатканда 9 миң сомго көчөт алганына кыжыры кайнап жатат. Бирок, мэр Албек Ибраимов башкалар алышкан экен, мен кол койгон эмесмин, менин тиешем канча деп четке чыга берди.

Көчөт сатып алууга шаардык «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы былтыр эле тендер жарыялаган. Мэриянын 51,3 млн. сомго (750 миң доллар) Европадан бак-дарактардын жана бадалдардын 11 миң көчөтүн сатып алганы жатканы маалымат каражаттарында айтылып, шаар бийлигинин бул кылыгына нааразы болгон биолог адистердин пикирлери да жарыяланган.

Алардын бири курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча адис, биолог Эмил Шүкүров: «Мэрия туура эмес чечим кабыл алып жатат, андай топурагы бар бир көчөттүн ордуна жергиликтүү көчөттүн жүзүн сатып алып отургузса болот. Кыйылган бак-дарактардын ордун толтуруп, калыбына келтирүүдө жана бак отургузууда көчөттүн боюна же жоондугуна эмес, санына көңүл буруу керек» деген.

51 млн. 350 миң сомго жарыяланган тендердин сыры…

Мамлекеттик сатып алуулар порталында 2017-жылдын 24-майында шаардык «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишкана жарыялаган тендерде аталган ишкана 51 миллион 350 миң сомду бак-дарак жана бадалдын 29 түрүн сатып алууга жумшары айтылган. Тендерге катышууга билдирмелер 14-июнда аяктамак. Тендерде «Жашылдандыруу курулуш» ишканасы 6,6 млн. сомго майда жалбырактуу липанын 600 көчөтүн, 17,1 млн. сомго клёндун үч түрүн (бардыгы биригип 1 миң 800 түп көчөт) жана 5 млн. сомго 500 каштан сатып алмак. Калган акация, кайың, четин, сирень, мажүрүм тал, сары жыгач, катальпа ж.б. баштаган бак жана бадалдарды териштирип айтпай эле коелу. Кыскасы, ошонун баарына 51 миллион 350 миң сом жумшалып, бактын бир көчөтүнүн баасы 7-11 миңдин тегерегинде айланмак. Ал эми бадал өсүмдүктөрү шаар бюджети үчүн арзаныраак түшмөк. Айталы, четин 5 миң сомдон, сары жыгачтын бир көчөтү 1 миң 500 сомдон айланмак.

Көчөттөр канчадан алынды?

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтарга ылайык, шаардык “Жашылдандыруу курулуш” ишканасы 13 млн. 763 миң сомго чет элдик көчөттөрдү сатып алган. Майда жалбырактуу липанын бир көчөтү 9 090 сомдон айланып, 3 млн. 636 миң сомго 400 көчөт алынган. Клёндун да бир түп көчөтү 9 090 сомдон болуп, 300 түп көчөткө 2 млн. 727 миң сом кеткен. Каштандын, чынардын бир түп көчөтүнө шаар бюджеттен 9 090 сом, жалпысынан 200 каштанга 1 млн. 818 миң сом, 400 чынарга 3 млн. 636 миң сом жумшалган. Бир түп четин 4 миң 870 сомго, декоративдүү алманын бир түп көчөтү 4 миң 850 сомго айланган.

Тендерди утуп алган «Art Green» ЖЧКсы тууралуу сөздү өзүнчө, кийинчерээк айтабыз.

Көчөттөрдү арзан алса болмок беле?

Азыр коомчулукту тынчсыздандырган суроо ушул. Липа, клён, каштан, чынардын көчөтүн арзан алса болмок беле? Албетте, болмок, неге болбосун? Ондогон эсе арзан сатып алса болмок. Бакчачылык питомниктеринин кызматкерлеринин айтымында, ондогон эсе арзан жа-на сапаттуу көчөттөрдү тапса болмок. Алматыдагы токой чарба институтун бүтүрүп, өмүрүнүн көп жылын Кыргызстандагы токой чарбасын өнүктүрүүгө жумшаган, Кочкор, Тогуз-Торо, Чаткал, Чүй-Токмок токой чарбаларын жетектеген, учурда жашылдандыруу багытындагы “Жашыл континент” (“Зеленый континент”) фирмасынын башкы директору Сазыкбай Турдумалиев өткөн жылы шаардык “Жашылдандыруу курулуш” ишканасы көчөт сатып алуу тууралуу тендер жарыялаганда, аталган ишкананын жетекчилерине тендерге катышуу ниетин билдирип, телефон чалган экен. Бирок, берки тараптан “сиз катыша албайсыз” деген тескери жооп угуптур.

– Биринчиден, тендердин талаптарын кайсы бир фирма ута тургандай, алдын ала терең ойлонуштуруп жасашкан. Экинчиден, сатып ала турган көчөттөргө коюлган талаптар өтө талаштуу жана таң калыштуу болчу. Мисалы, тендер талабы боюнча көчөттүн бийиктиги 3-5 метр, сөңгөгүнүн жоондугу 7-10 см болушу керек эле. Арийне, андай бийиктиктеги жана сөңгөгүнүн жоондугу анчалык көчөт болбойт, аны кадимки эле бак дейт. Эч бир питомникте андай беш жылдык бакты кармап отурбайт. Тагыраагы эч бир питомник андайга адистешкен эмес. Европада деле 5 метрлик бакты питомникте кармап отурарына ишенбейм. Мен Россиядагы көптөгөн питомниктерге телефон чалып байланышып чыктым. “Жашылдандыруу курулуш” ишканасы талап койгон көчөттөр жок болуп чыкты. Көчөттөр жок эмес, бар, бирок

Европаны айта албайм, россиялык токойчулар: “бизде 5 метрлик липаны же каштанды, мейли клёнду көчөт дебейт,

бак дейт, аны питомникте кармап отурбайт, аны сиз билесиз да” дешти. Тендер талабы таң калыштуу дегеним ошондон.

Тиги тендерди уткан фирма деле бизге 5 метрлик көчөт апкелсе, анда аны токойдун арасынан эле казып алган болушу

ыктымал. Арийне, Түштүк магистралдын боюна тигилген көчөттөрдү көрдүм, аерде 5 метрлик көчөттөр көрүнбөйт.

Себеби, ал кадимки эле бак жана сөңгөгүнүн жоондугу да 6-10 см эмес, андан жоонураак болот. Эгер алар тендердин

шартын башкача койгондо, мен ашып кетсе, 300-500 сомдун тегерегинде 2,5-3 метрлик липа, клён, каштан ж.б. 3-4

жылдык көчөттөрү менен камсыз кылып коймокмун. Ар бир түп көчөттүн жерге отуруп, өсүп бой тирегенине кепилдик бермекмин, – дейт ал.

Бир эле С.Турдумалиев эмес, бардык бак өстүрүүчүлөр, алардын ичинде “Жердев сад” бакча питомнигинин ээси Ольга Жердева, бакчачы А.Капаров мэриянын кызматташууга кызыкпаганына нааразы. Жашылдандыруу маселесинде тендер саясатын өзгөртүш керек деп эсептешет алар.

А “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын директору Алымжан Усубакуновдун, тескерисинче, бир көчөт 9 090 сомдон айланганына жана чет жерден алып келингенине сыймыктангандай түрү бар.

Кымбат көчөттөр үчүн бирөө жооп береби?

Бишкек ЖЭБине бир кычкач 600 АКШ доллардан сатып алынган экен. «Жашылдандыруу курулуш» ишканасы бир түп көчөттү 9 090 сомго салып, коомчулукту дагы бир таңгалдырды. 600 долларга салыштырмалуу 9 090 сом жарыбаган акча. Бирок, кандай болгондо да, коомчулук көчөттөр өтө кымбат – 9 090 сомдон сатылып алынганына нааразылыгын айтуу менен, Түштүк магистраль көчөсүндөгү көчөттөр 5 метр эместигин, демек тендерде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербестигин айтышууда. Демек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын алы келбесе, бул маселеге Жогорку Кеңештин депутаттары кайрылышы керек деп ойлойбуз! Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогондордун тизгин тартуунун мезгили келгендир.