“Бишкек-парк” соода борборуна бомба коюлду деген маалымат түштү

“Бишкек-Парк” соода борборуна бомба коюлду деген маалыматтан улам, аталган жай курчоого алынып, кызматкерлер жана кардарлар сыртка чыгарылып, УКМКнын кызматкерлери бомбанын бар же жоктугун иликтеп жатышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Бомба тууралуу маалымат түшкөн бул айдагы үчүнчү окуя.  буга чейин дагы ушуга окшогон окуя катталып ,8-апрелде Ататүрк паркында, ал эми 26-апрелде калаадагы Борбор Азиядагы Америкалык университетте бомба бар деген маалымат түшүп, текшерүүдөн кийин бомба жоктугу аныкталган.