Эрдоган мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 29-апрелде мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды.

Ташкент аэропортунан түрк лидери менен жубайын Өзбекстандын премьер-министри Абулла Арипов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Эрдоган Өзбекстан парламентинде сөз сүйлөп, өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге түрк жана өзбек ишкерлеринин форумуна катышат. Андан тышкары түрк президенти 1-майда Бухарага барышы күтүлүүдө.