Министр Сузактагы абалдан кабар алды

29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинде жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калган. Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу жаралган. ​Буга байланыштуу кечээ Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Азыр тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов маселени чечүү жолдорун кеңешүүдө.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, жеринде штаб түзүлүп, кооптуу жерде жайгашкан турак жайлардын жашоочуларына Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтардын күч каражаттары даярдыкка келтирилди. Азыркы учурда топтолгон суу түшкөн жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугунда агып жатат.