Жети өлчөп бир кескен

Өлкөбүздүн саясий турмушунда Жогорку Кеңештин орду ошончолук чоң экендигин акыркы убакыттагы окуялар, атап айтканда, жаңы Өкмөттүн келүүсү дагы бир жолу тастыктап койду. Эми эл өкүлдөрүнүн чечимдеринин туура же туура эместигин убакыт таразалайт. Бул жаңы Өкмөттүн кандай иштеп бере тургандыгына да жараша болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердигин талкууга алганда бир нерсени мурда да байкап жүргөм. Бул жолу ал айкын көрүндү. Депутаттардын көпчүлүгү министрлерди же ведомство жетекчилерин парламентке чакырып, алардын отчетун угар алдында абдан кылдат даярданып, канткен күндө да аларды чөгөлөтүүгө далалат кылат экен. Теле берүүлөрдөн көрүп жүргөнүбүздөй, айрым депутаттар министрлерди тергөөчүдөн жаман катуу суракка алып, сөз менен тукуруп, айтор бир кемчилигин таап чыгат. Менимче, мында депутат, биринчиден – өз максатына жетет, экинчиден – «кара кылды как жарган депутат иретинде» эл алдында упай топтойт. Ушундай көз боёмочулукка барбай, өзүнүн сөзүнө олуттуу маани берген, кесиптеште-рин кызуу кандуулукка алдырбай, сабырдуу болууга чакырган бир нече депутат бар. Ошолордун бири – Иса Өмүркулов. Албетте, парламенттеги бир фракциянын – КСДПнын жетекчиси катары да мойнунда чоң жоопкерчилиги бар.

Сөзүбүз  куру  болбоо  үчүн  мисалдарды келтирели. 2016-жылдын 11-декабрында республикабызда “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөнү маалым. Анын алдында референдумду өткөрүүгө жол ачып берген «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкуулоонун жүрүшүндө КСДП фракция сынын лидери Иса Өмүркуловдун принципиалдуулугу таасын көрүндү. Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоп жаткандарга карата, ал: «Саясатчылардын ортосундагы талаш-тартыш жалпы коомго таасир бербеши керек. Эң башкысы элге зыяны тийбесин. Бийликте тургандар дагы, бийлиги жоктор дагы мыйзам чегинен чыкпасак деген тилегим бар. Жогорку Кеңештин сессияларында бардык пикирлер ачык айтылып жатат. Бул мыйзам бүгүнкү күндө мамлекет үчүн керектүү мыйзам. Себеби «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» мыйзамынын негизинде мамлекетибизде референдумдарды өткөзүүгө болот. Бул мыйзам бир эле “Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” боюнча эмес, башка дагы маселелерге референдум үчүн кызмат кылат», — деп кайрылган.

Иса Өмүркулов татаал саясий окуялар кезинде да өзүнүн калыстыгынан тайган жок. Президенттик кызматка талапкер болгон Өмүрбек Бабановго иш козголгондо: Бардыгын тергөө көрсөтөт. Бул жерде саясат бөлөк. Доомат коюлуп жаткан болсо — ал доомат текшерилиши керек. Ал тастыкталып ачык айтылгандан кийин гана «мунун саясий өңүтү бар» же «чын эле ошондой болгон» деп баа берсе болот. Ошондуктан алдын-ала бир нерсе айтыш туура эмес. Укук коргоо органдары иштеп жатат» деген болчу.

Анын  калыстыгы  КСДПнын  саясий кеңешинин чечими боюнча Жанар Акаев фракциянын курамынан чыгарылган учурда да билинди. Бул боюнча Иса Өмүркулов фракциянын көз карашы менен Жанар  Акаевдин позициясы туура келбей калды, ал эми эркин депутат катары иштей берет, ага басым жасалбайт деп, башка депутаттардай ачууга алдырбай, жумшак маанайда фракциянын жетекчиси катары пикирин билдирген.

Март  айынын  башында  Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиевдин Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн салыштырган макаласы басма сөздө жарыяланып, ал кызуу талкууну жараткан. Бул макала бир топ саясатчылардын азыркы жана мурдагы президенттердин ортосуна шынаа кагууга өбөлгө түзгөн. Ошондо КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча чакырыгы мамлекеттик кызыкчылыкты көздөй тургандыгын белгилеп, тараптарды кайраштыруунун кажети жок экендигин айткан.

Өкмөттүн отставкага кетип, жаңысынын дайындалышы үстүбүздөгү апрель айынын эң орчундуу окуяларынын бири болуп калды. Бул өзгөрүштө, маселени ырбата бербей, компромисстик бүтүмгө келүүдө парламенттин КСДП фракциясынын ролу бар. Фракция адегенде өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапкан болчу, бирок кийинчерээк парламенттин үчтөн бирин түзгөн үч фракциянын депутаттарынын Өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушуна макул болушту. 19-апрелде Мамлекет башчынын Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушуусунда Иса Өмүркулов “Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат”, — деп коалициянын курамына “Республика — Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалаган.

Ергали АБДИКАИМОВ, юридика илимдеринин кандидаты