Армениядагы тынч мүнөздөгү «бархат ыңкылабы»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу» 


“Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, — деп он жылдан өлкө башчылыгында, андан кийин бир апта премьер-министр болгон Серж Саргсян 23-апрелде отставкага кете турганын билдирди. Анын мындай кадамга барышына Арменияда болуп жаткан массалык каршылыктар түрткү болду.

Отставкага алып келген демонстарциялар

2015-жылы Саргсяндын демилгеси менен өткөрүлгөн референдумдан кийин Армения парламенттик системага өтүп, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылган, а премьердики кеңейтилген. 9-апрелде Серж Саргсян президенттик кызматынан кеткен. 13-апрелде Ереванда Серж Саргсяндын премьер-министр кызматына өтүүсүнө каршы нааразычылык акциялар башталган.

Ага карабастан өткөн аптада башкаруучу коалицияга кирген Республикачылар партиясы жана «Дашнакцутюн» расмий түрдө Серж Саргсянды премьерлик кызматка көрсөткөн. Демонстранттар ички иштер министрлигин жана башкы прокуратура имаратын тороп алышкан. Миңдеген адамдар көчөгө чыкканына карабастан, парламент 17-апрелде 76 добуш менен Серж Саргсянды премьер-министр катары шайлашкан. 17 депутат каршы добуш берген.

Аталган демонстрациялар башталып жатканда оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян аны тынч мүнөздөгү «бархат ыңкылабы» деп атаган. Чынында нааразычылык акциялары учурунда эч кандай мародерчулук, демонстранттар тарабынан күч колдонулбаганын белгилеп коюу керек.

Нааразычылык чыгууларын баштап келаткан оппозициячыл депутат, 42 жаштагы Никол Пашинян — мурдагы журналист, 2000-жылдары саясатка аралашкан, “Жарандык  келишим”  партиясынын  лидери, 2016-жылы “Елк” либералдык кыймылына кирген. Былтыркы парламенттик шайлоодо аталган кыймыл тогуз мандат алган.

Жекшемби күнү Саргсян Никол Пашинян менен Республика аянтындагы Marriott отелинде жолуккан. А бирок аталган жолугушуу үч мүнөт гана созулган. Пашинян өкмөттүн отставкасынан башка маселе талкууланбасын билдирип жаткан. А бирок Серж Саргсян “шантажга” моюн сунбасын айтып чыгып кеткен. Жолугушуудан көп узабай полиция менен коопсуздук кызматкерлери оппозиция өкүлү баштаган кербендин жолун тороп, элди токтотуу үчүн кулак тундуруучу граната колдонушуп, Никол Пашинянды жана дагы эки депутатты, алардан тышкары 230дан ашуун кишини кармап кеткен.

Күттүргөн жаңылык – күтүлбөгөн жыйынтык

Пашинян, Арарат Мирзоян жана Сасун Микаэлян Серж Саргсян кызматтан кетүү туу ралуу арыз жазаардын алдында бошотулду. Саргсяндын отставкага кеткендиги тууралуу кабардан кийин «Республика» аянтына чогулгандарга Никол Пашинян: «Армения Рес публикасынын сыймыктуу жарандары, силер жеңдиңер»,- деп билдирди.

Серж Саргсян кызматтан кеткенин жарыялагандан көп өтпөй министрлер кабинети чукул жыйынга чогулуп, анда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары анын биринчи орун басары Карен Карапетянга өткөнү белгилүү болду. Ал бир жарым жыл премьер-министрдин кызматын аркалап туруп, апрелдин башында ал орунду Саргсянга бошотуп берген болчу.

Мамлекеттик башкарууда эмне өзгөрүү болору азырынча белгисиз. Армениянын Конс титуциясына  ылайык, өкмөт башчы кызматтан кеткенден кийин парламенттеги фракциялар жети күн ичинде жаңы талапкерди көрсөтүшү зарыл. Саргсяндын Республикалык партиясы парламенттеги 105 мандаттын 58ине ээ. Ал эми алар менен коалициялык көпчүлүккө кирген “Дашнакцутюн” фракция сынын жети мандаты бар. Андыктан башкаруучу колиция жаңы өкмөт башчыны оңой эле шайлай алат.

Өкмөт отставкага кеткенин жарыялаганына карабастан 24-апрелге караган түнү Никол Пашинян нааразычылык акцияларды улантууга чакырган. Анын айтымында, бийлик Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматтан кетүүсүн өзү сүрөгөн «Республикачылар» партиясынын башкаруусун сактап калуу үчүн колдонуп жатат.

24-апрель күнү Никол Пашинян: “Мага республикачылар партиясынан адамдар келип, эл тандаган кандидатты колдоп берүүгө даяр экендиктерин айтышты” — деп билдирди. Ал аңгыча оппозициялык “Елк” партиясы Никол Пашинянды расмий түрдө премьер-министрликке сунуштаганын билдирди. Ал премьер болуп шайланышы үчүн Парламенттеги 105 добуштун 53үн алышы зарыл. «Елк» жана «Царукян» партияларынан 40 добуш камсыздалса, калган 13 добушту оппозиция Республика жана «Дашнакцутюн” фракцияларынан алууну үмүт кылууда.

Армениянын парламенти жаңы премьерди 1-майда шайлай турганын парламент спикери Ара Баблоян жарыялады. Пашинян өзү талапкерлигине колдоо алыш үчүн парламенттеги башка фракциялар менен сүйлөшүүгө да киришти.

Ал аңгыча азыркы өкмөттүн эки белдүү мүчөсү — тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эдвард Налбандян жана вице-премьердин милдетин аткаруучу Армен Геворгян — саясий кризисти талкуулаш үчүн Москвага барганы белгилүү болду.