Бир катка эки башка жооп

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Кыргыз Туусу” гезитинин 30-январдагы №7 санына жарыяланган журналист Мырзакат Тыналиевдин “Чоңмун деп чокчоңдой берсе болобу” аттуу макала боюнча төмөндөгүнү билдирет.

Макалада белгиленген Суу чарба жана мелиорация департаментинин Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын Ак-Суу гидроучасткасынын көз салуучу кызматкери Р.Жүндүбаев Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2014-жылдын 6-ноябрында Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгын 2014-жылдын 13-майындагы №76 буйругу жокко чыгарылсын жана Р.Жүндүбаев Сокулук гид роучастогуна көз салуучу болуп калыбына келтирилсин деп чечим чыгарган.

Жогоркудагы соттун чечими толук аткарылып, Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын 2016-жылдын 25-январындагы №13 буйругунун негизинде Р.Жүндүбаев Ак-Суу гидроучастогунун көз салуучу кызматына дайындалган жана бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келүүдө.

Учурда  бул  иш  боюнча  соттук териштирүү дагы да жүрүп жаткандыгына байланыштуу, жооптуу кызматкерлерге чара колдонуу маселеси соттук териштирүүчүлөрдүн жыйынтыгы менен караларын билдирет.

Ж.КЕРИМАЛИЕВ, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары


Суу чарба жана мелиорация департаменти “Кыргыз Туусу” гезитинин 30-январдагы №7 санына жарыяланган журналист Мырзакат Тыналиевдин “Чоңмун деп чокчоңдой берсе болобу” аттуу макала боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгына караштуу Ак-Суу гидроучасткасында азыркы учурда иштеп жаткан көзөмөлдөөчү Р.Жүндүбаевдин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана суу чарба жана мелиорация департаментине жазган каттары боюнча бир нече жолу комиссия түзүлүп, текшерүүлөрдө кайрылуусу негизсиз экендиги аныкталган.

Макалада Ак-Суу гидроучасткасынын көз салуучусу Р.Жүндүбаевди Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Р.Девяткулов себепсиз жумуштан бошотуп койгон деп көрсөтүлгөн, бирок чындыгында Р.Жүндүбаев системалуу түрдө жумушка келбегендигине, эмгек милдеттемелерин аткарбагандыгына байланыштуу эмгек келишиминин 4,1-пунктуна ылайык 2014-жылдын 3-мартында иштен бошотулган. Бул фактыны ошол убакта түзүлгөн бир нече актылар, гидроучас тогунун башчысынын билдирмеси жана Р.Жүндүбаевге жөнөтүлгөн Кыргыз

Республикасынын эмгек кодексинин негизинде жумушка келбегендиги үчүн бошоп калуу тууралуу билдирүү каты (уведомление) тастыктайт.

Р.Жүндүбаев  сотко  кайрылып,  Бишкек  шаарынын  Свердлов райондук соту 06.11. 2014-жылы Чүй БСЧБнын 2014-жылдын 13-майындагы №76 буйругу жокко чыгарылсын жана Р.Жүндүбаев Сокулук гидроучастогуна көз салуучу болуп калыбына келтирилсин деп чечим чыгарган. Бирок бул чечимди 2015-жылдын 14-декабрында Р.Жүндүбаев өзү ЧБСЧБнын жетекчиси Р.Девяткуловго алып келип берген. 2016-жылдын 19-январында өз ыктыяры менен соттун чечимин аткаруу жөнүндөгү сунушту Свердлов райондук сот аткаруучусу М.Ж.Ногоев алып келип берген. Бул мезгилге чейин эч кандай соттун чечими же сунуш ЧБСЧБга келген эмес. Свердлов райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы №3559/4 сунушунун негизинде ЧБСЧБнын 2016-жылдын 25-январындагы №13 буйругу менен Р.Жүндүбаев Ак-Суу гидроучасткасына көз салуучу болуп жумушка алынган.

2017-жылдын 17-февралындагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгында Р.Жүндүбаевдин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Н.Мурашевге, андан мурунку министрлери Т.Айдаралиевге, Т.Бекбоевге, прокуратурага, ички иштер министрлигинин 5-бөлүмүнө, Мамлекеттик экотехинспекциясына ар кандай дооматтар менен кайрылган, жазган арыздары боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталган эмес.

Р.Жүндүбаевдин кайрылуулары Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын иштерине көп тоскоолдуктарды жаратып, эмгек жамаатынын ичинде жакшы эмес кырдаалды түзүүдө, Ак-Суу гидроучасткасынын жумушчу кызматчылары нааразычылык билдирип, ЧБСЧБна жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине кайрылышкан.

Р.Жүндүбаев өзү иштеп жаткан жамаатында дагы чыр-чатактуу абалды түзүп келет. Башкача айтканда Ак-Суу гидроучастогунун мурдагы жетекчиси М.Маликовдун, көз салуучулар Ж.Сексеналиеванын, Т.Бейшебаевдин, Р.Асанкановдун жана азыркы учурда иштеп жаткан жетекчиси А.Абдрахмановдун, инженер Л.Ивченконун үстүнө дайыма даттанып келүүдө.

КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын 2017-жылдын 4-декабрындагы №3326/17 корутундусундагы жыйынтыгында  Р.Жүндүбаевдин 2014-жылдын  1-майынан  тартып 2016-жылдын 25-январына чейинки айлыгы 50548 сомду түзөт деп көрсөтүлгөн.

Учурда  соттук  териштирүү  жүрүп жатат. Соттун аныктамасы чыккандан кийин тиешелүү чаралар колдонуларын билдиребиз.

К.Ж.ТАШТАНАЛИЕВ, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору


 Зарыл комментарий

Мына ушундай эки башка маанидеги жооптон кийин департаменттин башкы директору К.Таштаналиевдин бул макалада айтылгандарды окубаганы көрүнүп турат. Атүгүл ал кол алдындагы кызматкери даярдап келген ушул чалакайым жоопту тактап да отурбастан, кол коюп койгондой.

Башкасын айтпаганда да соттук териш тирүүлөр алда качан аягына чыкканын, ЧБСЧБнын жетекчиси Р.Девяткуловдун кылгандары мыйзамсыз экенин билип алса болмок. Ага да убактысы жок болсо, жогоруда министрдин орун басары Ж.Керималиевдин жообунда айтылган жүйөөлөрдү эске алса болмок.

Анын ордуна кол алдындагы клерктин даярдаган жообуна кол коюп бере салган турат. Же Р.Девяткуловду коргоюн дегениби?..