Кенже курактагы баланын өнүгүшүнө көңүл буралы

Бактыгүл МУНДУЗОВА, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстанда бала бакчага барган балдар жалпы мектеп жашына чейинки курактагы балдардын 23%ын гана түзөт. Бул көрсөткүч Бишкек шаарынын жаңы конуштарында мындан да аз. Себеби, ички миграциянын натыйжасында алыскы аймактардын жашоочулары Бишкек шаарына агылып көчүп келишип, отурукташып жатышат. Учурда Бишкек шаарынын 48 жаңы конушунда 300 миңге чукул калк жашайт. Ал жаңы конуштарда бала бакчалар жетишпегендиктен, мектеп жашына чейинки балдар үйлөрүндө өздөрү менен өздөрү болууда.

Жаңы конуштардагы  бала  бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн, жана алардын ата-энелеринин көңүлүн кенже курактагы балдардын са-паттуу өнүгүүсүнө буруу жана турмуштук көндүмдөрдү  үйрөтүү  максатында  экс-президент Роза Отунбаеванын демилгелүү фонду “Көчмө өнүгүү борбору” долбоорун ишке ашыра алышты. Долбоордун ыктыярчылары 2017-жылдын 1-ноябрынан баштап Бишкек шаарынын 8 жаңы конушун кыдырып, ар кандай темаларда окутуп, үйрөтүп, кеңеш берип чыгышкан. Жакында долбоордун жыйынтыктоочу иш чарасы Ак-Өргө жаңы конушундагы №84 мектепте белгиленди. Бөбөктөр бул күнү ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.

Социалдык  сурамжылоонун  жана жер-жерлердеги жергиликтүү өз алдынча   башкаруу  органдары  менен  болгон өнөктөштүктүн жыйынтыгында, Бишкек шаарынын 48 жаңы конушунда ата энелер менен бирге балдарды бирге өнүктүрүүчү аянтча түзүүгө сегиз пилоттук жаңы ко-нуш тандалып алынган. Алар: Калыс-Ордо, Ак-Бата, Дордой, Ак-Босого, Ала-Тоо, Ак-Өргө, Кара-Жыгач жана Көк-Жар. Долбоордун максаты боюнча, аудиторияда 3-7 жаштагы балдар жана алардын ата-энелери катыша алышкан.

Долбоордо  дагы  бир  катар  жакшы максаттар алдыга коюлган. Коомчулуктун көңүлүн кенже курактан балдардын өнүгүүсүнө буруу негизги максаттардын алдыңкы сабында турат. Ошону менен катар- ата-энелердин балдарды эрте жаштан өнүктүрүү боюнча түшүнүктөрүн жогорулатуу, алардын педагогикалык түшүнүктөрүн жана жоопкерчилигин жана балдарга ар тараптуу өнүктүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү. Ата-энелердин кенже курактан балдарды тарбиялоо боюнча туруктуу билгичтиктерин ойготуу менен көндүмдөрүн калыптандыруу жана камкордуктан, өнүгүүдөн өксүгөн балдардын санын кыскартуу максаттарын да көздөйт. Окуу программасы өзүнө көп маанилүү багыттарды камтыйт. Үйдө баланы жакшы тарбиялоонун бирден бир жолу – ата-эне бала менен биргеликте өнүгүү чеберчилик өнөрканасын уюштуруу, баланы эрте жаштан өнүктүрүү боюнча, ата-энелерге арналган атайын кеңештерди берүү, баланын физиологиялык жана пси-хологиялык муктаждыктары менен тааныштыруу.

Долбоордун артыкчылыктуу багыты болуп, бул ата-энелер менен балдар акысыз, эрте жаш куракта алардын бири-бири менен байланышынын маанилүүлүгүн, үй-бүлөнү колдоо жана ага камкордук кылуу, сергек жашоо образы боюнча билим алуусу, ошондой эле ден-соолуктарын сактоону жана эрте курактагы баланын өнүгүшүнө көңүл бурууну коомчулукка жеткирүү бо-луп саналат. Бул сыяктуу тренингдер, окуулар, үйрөтүүлөр ата-энелерге балдарды өнүктүрүүдө,  өздөрүнүн  түшүнүктөрүн кеңейтүүдө жардам берет, ошондой эле келечекте  үй-бүлөнү  пландоодо  көмөк көрсөтөт.

Долбоордун алкагында “Санитария жана гигиена”, “Таза колдор”, “Таза тиштер”, “Туура тамактануу”, “Иммунопрофилактика” жана “Коопсуз энелик”, “Китеп окуунун мааниси”, алгачкы жардам, экология, музыка, сүрөт, дене тарбия аттуу темалар боюнча окуулар өтүлгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык темалар боюнча  окууларга  жалпысынан 2767 адам катышкан, алардын ичинен 1459 ата-эне жана 1308 балдар болушкан. Катышуучулардын айтымында, өткөрүлгөн тренингдердин жыйынтыгында, ата-энелердин өз балдарынын ден-соолугуна, тарбиясына, аларды өнүктүрүүгө бол-гон мамилелери, ойлору өзгөргөн. Ошондон улам аталган долбоордун дагы улантылышын суранышкан.

“Көчмө өнүгүү борбору” долбоорунун координатору Чынара Абдраимакунова өз сөзүндө буларды айтты:

– Урматтуу ата-энелер, сиздер сурамжылоолордо,   анкеталарда  белгилегендей, балдарды кенже курактан өнүктүрүүгө жана тарбиялоодо көз карашыбыз жана мамилебиз кескин түрдө 100 пайызга чейин өзгөрдү жана өз балдарыбыздын биринчи мугалими өзүбүз экендигин сездик. Сиздер балдар менен кошо көп нерселерди үйрөнгөнүңүздөрдү көрө алдык. Себеби биздин “Көчмө өнүгүү борборунун” тематикасы ар түрдүү, бардыгы сиздердин балдардын өнүгүүсүнө жана сиздердин турмуштук жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Урматтуу ата-энелер, сиздерге былтыркы күздөн баштап кыш чилдесине, жазгы суук жаанга карабастан балдарды тренинг-окууларга алып келип, алар менен бирге окуп, активдүү катышкандарыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле бул күнкү иш чарага келип ка-тышып биздин долбоорду, демилгени колдогон өнөктөштөрүбүз-Бишкек шаарынын мэрия-сына, шаардык билим берүү башкармалыгына, жаңы конуштардагы мектеп мугалимдерине, балдар бакчанын тарбиячыларына, Саламаттык сактоо министрлигине, Республикалык жана шаардык ден-соолукту чыңдоо борборлоруна, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетине, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетине, Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык коллежине, Кызыл жарым Ай коомуна, М.Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрына, муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын кызматкерлерине рахмат айтып, ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.