Ысык-Көл районунда кыз талашып мушташкан 2 жигиттин бири каза болду

Ысык-Көл районунда эки жигит кыз талашып мушташа кеткен. Натыйжада алардын бири каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Кара-Ой айылынын 17 жаштагы тургуну кыз талашып жекеме жеке мушташкан. Мушташта Бактуу-Долоноту айылынын тургуну талылуу жерге сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Ооруканага алып барышканда ал каза болгон.

Учурда мушташка катышкан экинчи жигит Ысык-Көл РИИБге алынып келинди. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, иш тергелип жатат.