Кечээ Парижде башаламандыктар болду

1-майда Парижде француз кесиптик кошуундары президент Эммануэль Макрондун экономикалык реформаларына каршы акция уюштуруп, ал массалык башаламандыктарга айланды. Бул тууралуу эл аралык француз радиосу маалымдады.

Маалыматка ылайык, беткапчан 1200гө жакын адамдар полицияга таш жана «Молотов коктейлдерин» ыргытышты. Кесиптик кошуундар тобу Бастилия аянтынан Италия аянтына чейин жүрүш жасашы керек болчу. Бирок демонстранттардын кыймылы жүрүшкө кошулган «Кара блок» кыймылынын активисттери тарабынан үзгүлтүккө учуратылган. Солчул радикалдар жолдогу дүкөндөр менен банктардын айнектерин талкалашып, таштанды челектерди өрттөшкөн.

«Кара блок» 2017-жылы жайында Гамбургда «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн лидерлери жолуккан күндөрү уюштурулган башаламандыктарга тиешеси бар экендиги менен белгилүү.