Арменияда премьерликке сунушталган оппозиция лидери жетиштүү добуш ала алган жок

1-майда Арменияда премьерликке сунушталган оппозиция лидери Никол Пашинян жетиштүү добуш ала алган жок. Жыйынга катышкан 45 депутат «ооба», 55 депутат «каршы» добуш берди. Бүгүн парламент жыйынына 102 депутат катышып жатканы айтылган.

Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы элдин сүрүнөн жана талабынан кийин өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоого макул болгон. Бирок алардын бир депутатынан башкасынын баары бүгүнкү шайлоодо Пашинянга каршы добуш берди.

Калган үч фракция, башкача айтканда, 47 депутат оппозиция лидерине добуш берерин убада кылган. Бирок аны колдойт деген 47 эл өкүлүнүн да экөө ар кандай себеп менен бүгүнкү жыйынга келбей калганы маалым болду.

Добуш берүү башталганга чейин Пашинян элди да көчөгө чыгып, парламентте жаңы өкмөт башчыны шайлоого көз салууга чакырган. Анткени ал «башкаруучу партия процессти бурмалап коюушу мүмкүн» деп чочулап турганын билдирген.