Реал — Бавария 2:2. Королдук клуб финалда

Чемпиондор лигасынын жарым финалынын жооптук беттеши 2-майда “Сантяго Бернабеу” стадионунда орун алып, испаниялык “Реал” командасы германиялык “Бавария” клубу менен кездешти.

Алгач, Йозуа Киммих оюндун 3-мүнөтүндө “Реалдын” дарбазасына гол киргизүү менен эсепти ачты. Арадан көп өтпөй, оюндун 11-мүнөтүндө Марселонун сол капталдан көтөргөн тобун Бензема башы менен сүзүп эсепти 1:1ге айлантты.

2-таймда, оюндун 46-мүнөтүндө дарбазачы Свен Ульрахтын катасынан улам Бензема өзүнүн 2-голун жаратты. Буг жооп катары 62-мүнөттө Хамес Родригес соккусу оюнду 2:2 кылып, оюнда 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Биринчи оюнда “Реал” “Баварияны” 2:1 эсебинде жеңгендигине байланыштуу жалпы эсеп 4:3 болуп, “Реал” командасы финалда ойнойт.

 

Эскерте кетсек, “Ливерпуль” клубу менен“Рома” командасынын жооптук беттеши 3-майда өтөт.