Аймактардагы аткарылып жаткан алгылыктуу иштер

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


 Президенттин жарлыгы менен быйыл аймактардагы инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалууда. Андыктан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди билүү максатында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылууда деген бир собол менен кайрылдык.

Улан КАРАГУЛОВ, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

«Быйыл облуста 27 ишкана ачылат»

– Аймактарды өнүктүрүүнү көздөп  атайын  план  иштеп чыкканбыз. Элет тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Быйылкы жылдын биринчи кварталында облус боюнча өндүрүштөгү өнүм  173  пайызга  жетти. Инфратүзүмдөрдү  жакшыртуу максатында элет тургундарын жумуш орундары менен камсыздоону көздөп, жеке иш-керлик менен алектенгендерге шарт түзүүнү колго алуудабыз. Быйыл облус боюнча жаңы 27 ишкана ачылганы жатат. Канчалык көп жумуш орундары түзүлсө, адамдар ошончолук иш менен камсыз болуп, тышкы миграция кайсы бир деңгээлде азаят.

Мындан сырткары ичүүчү таза суусу жок 54 айылга таза сууну киргизүү боюнча атайын долбоорлордун негизинде иш алып баруудабыз. АРИС программасынын алкагында Панфилов, Чүй районундагы 6 айылга таза суу берилгени жатат. Чүй өрөөнүндөгү кээ бир аймактарда нымдуулук жогору болгон саздак жерлер, талаалар бар. Жаз айларында Токмок шаарында жана Чүй айылындагы үйлөрдүн ичинен жер алдынан суу чыкты. Бул көйгөйдү өз убагында ыкчам чечүүгө жетиштик. Үй ичинде жер алдынан чыккан суулардан арылуу үчүн дренажердук тармактагы сууларды экотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте тазалап чыктык. Учурда эгин эгүүгө ылайыктуу суу каптаган талаа ларды да тактоо иштери улантылууда. Мындан сырткары элет жериндеги мектептердин имаратынын сапатына көңүл бурулуп, оңдоо иштери жүргүзүлүп, жараксыз абалдагыларынын ордуна жаңы мектептерди куруу, жолдорду асфальт тоо, көчөлөрдү жарыктандыруу пландалууда. Шаарларды жана айылдарды жашылдандыруу максатында бактардын көчөттөрү отургузулду.

Чүй өрөөнү эгин айдап себүүгө ылайыктуу жер болгондуктан, буудай, арпа, кант кызылчасы айдалып, жер-жемиштер эгилет. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл буудай 10 000 гектарга ашык себилди. Кызылчаны болжол менен 16 000 гектарга айдоону пландап жатабыз. Ал эми Кемин жана Суусамыр өрөөнүндө жаз кечирээк келгендигине байланыштуу айдап себүү иштери эми жүргүзүлүп башталды.

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

«Өзбекстанга картошканы экспорттоо каралууда»

–  Биринчи  кварталдын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад облусунун ыйга-рым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы болду. Анда аймактарды өнүктүрүү боюнча аткарыла турган иштер каралды. Социалдык өнүгүү: өнөр  жай  тармагы  боюнча 101,5 %, айыл чарбасы боюн-ча 102,5%, капиталдык салымдарды өздөштүрүүдө 132,3%, элге кызмат көрсөтүү боюнча жүк ташууда 105%, жүргүнчү ташууда 104,5%, чекене товар жүгүртүүдө 103,8% камсыздалды. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоодо салыктар 101,3 %ды түздү.

Жалал-Абадда –8, Кара-Көлдө – 2, Таш-Көмүрдө – 1, Ток-тогулда – 6, Аксыда – 1 жалпысынан 18 жаңы ишкана ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Токтогул районундагы Ничке-Сай айылында сүттү кайра иштетүү цехи ишке кирди. Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын алкагында Сары-Камышта 896 000 сомдук жүндү иштете турган жабдыктар алынды. Анын 871 000 сомун БУУ каржыласа, калган 25 000 сомду айыл өкмөтү өзү тапты. Муниципалдык мал союла турган жайлар курулду.

Учурда калкты таза суу менен камсыздоо үчүн Ала-Букада 15 миллион сомго 4 кубдук таза суу кампасы курулууда. Айыл чарбасы багытында да комплекстүү иш чаралар көрүлүүдө. Жазгы талаа иштери боюнча эгин айдоо 70 миң гектар жерди түзсө, анын 60 пайызы айдалып калды. Быйыл 12 миң 700 гектар жерге пахта эгилгени жатат. Мындан сырткары жалпы аянты 36,6 гектарды түзгөн 756 теплица курулду.

Өзбекстан менен мамилебиз жакшыргандыктан картошканы экспорттоо каралууда, анткени алар картошкага муктаж. Андыктан облустун аймагында картошканы 9 миң 400 гектар жерге айдоо каралууда. Аксы менен Ала-Букада кайналы, алма жана башка жемиштерди кургата турган 4 цех ишке киргени жатат. Буга Германиядан келген инвесторлор колдоо көрсөтүүдө. Жаңгакты экспорттоо боюнча ишкерлерге жардам берүү максатында да иш алып баруудабыз. Шаарларды көрктөндүрүүгө көңүл бурулуп, бактар тигилди. Жолдор салынып, ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Сузак, Жалал-Абад, Токтогул шаарындагы трассанын боюна, көчөлөргө электржарыгы коюлду. Ошондой эле Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө асфальт-бетон заводу курулуп жатат. Чаткалда мектеп курулуп, 5 бала-бакча ачылды. Мындан ырткары Ас-Салам кайрымдуулук фондунун колдоосу менен оорука-нанын имараты курулууда.

Узарбек ЖЫЛКЫБАЕВ, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

«Туристтик сезон башталганга чейин жолдор толугу менен оңдолуп бүтөт»

– Аймактарды өнүктүрүү боюнча  атайын  программа кабыл алганбыз. Региондорду өнүктүрүүдөгү эң негизги орчундуу маселе бул жумуш орун-дарын түзүү жана инвестиция тартуу. Ысык-Көл облусу башка дубандардан айырмаланып, жайкы сезондо туристтерди кабыл алуу жана аларга сапаттуу тейлөө көрсөтүү багытында да иш алып барат.

Былтыр Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жардамы менен айыл чарбасына керек болгон 30 техника алдык. Облус боюнча техникага муктаж болгон айыл өкмөттөрдүн маселелери бүгүнкү жыйында да каралып, алына турган техникалардын 40 пайызын аталган фонд кар-жыламак болду. Калган каражатын Айыл банктан лизингге алуу макулдашылды. Медиктерге акыркы үлгүдөгү тез жардам машинасын алып бергени жатабыз.

Ал эми таза суу маселеси боюнча Тоң районунда Ак Өлөң каналын куруу кытай гранты менен ишке ашып жатат. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылы таза суу менен камсыздалды. Түп районунда сугат иштерине пайдалана турган “сельский” деген каналды куруп баштадык. Мындан сырткары Ак-Булак жана Сары-Булак айыл өкмөттөрү биргеликте кирпич заводун курганы жатат. Бул заводдун курулуш иштерине 6 млн. сом каражат жетишпей жаткан эле, аны Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржыламак болду. Бизде жай мезгилинде туристтердин агымы тынбагандыктан жолдорго өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө Балыкчы-Корумду жолу салынып жатат. Ал эми Чырпыкты, Бостери, Сары-Сөгөт айылдарындагы жолдор жай айларына чейин толугу менен оңдолуп бүтөт. Учур-да Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жардамы менен Каракол шаарындагы Кыдыр Аке көчөсүнүн жолу оңдолууда.

Мындан тышкары мектептердин эскирген имаратына ремонт иштерин жүргүзүп жатабыз. Бала-бакчалар ачылып, айыл тургундары үчүн ишкердик менен алектенүүгө шарт-тар түзүлүп берилди. Туристтик аймак болгондуктан шаарларды көрктөндүрүүгө көңүл бурулуп, бак отургузуп, ишембилик өткөрүп, айлана чөйрөнү таштандылардан тазаладык.