Таланган ат майдан, арыктаган жалгыз күлүк

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Жалпысынан дээрлик 45 гектарга жакын жер аянтын ээлеген облус борбору Каракол шаарынын тоо тарап четиндеги ат майдан бир кезде улуттук оюндардын чыныгы ордосу болуп турган кезинде, жок эле дегенде 3 миңден ашык ышкыбоз көрүүчүлөрдү тейлеген элдик майрамдын чордону эле.

Эми бул жер бир катар жылдардан бери “Алардын бири жок” абалга келип турган кези. Анткени, айыл чарба министрлиги менен жергиликтүү бийликтердин жана кээ бир жеке басарлардын талаш-тартыштарынан улам, шаардык ат майдандын бүгүнкү абалы “мышык ыйлагыдай”. Отургучтары таланып-тонолуп талкаланган, мурдагы 9 атканадан азыр бир ат камалган, көзгө басар жалгыз атканасы калган.

Облустук дене тарбия жана спорт тармагынын билермандарынын пикирлерине ишенсек, мындан эки жыл мурда эле Чолпон-Атанын мурдагы ат майданынан жыйналып алынган керектүү жабдуулары жеткирилген бойдон жылбай үйүлүп турганы турган. Ал эми ат майдандын учур талабына ылайык жасалып жаңыртылары субъективдүү да, объективдүү  да  тоскоолдук  себептерден  улам,  али белгисиз.