Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда болушу мүмкүн, бул күнү парламенттин атайын жыйыны өтөт. Бул тууралуу спикер Ара Балояндын билдирүүсү маалымат каражаттарына таратылды.

Бул арада парламенттеги Республикалык фракциянын лидери Вахрам Багдасарян 8-майдагы шайлоодо анын партиясы талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Алар мыйзам чыгаруучулардын кеминде үчтөн бири көрсөткөн талапкерди “ким болсо дагы” колдоорун кошумчалады.

1-майда парламентте оппозициянын лидери Пашиняндын талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып, өтпөй калды. Андан соң Пашинян элди массалык иш таштоого чакырып, Ереванда жолдор, метронун жана өкмөттүк мекемелердин кире бериштери тосулуп, жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду.