Кабатырланткан карыздар

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Дүйнө жүзү боюнча тышкы карызы жок беш гана өлкө бар экен. Алар: Бруней, Лихтенштейн, Палау, Макао жана Британдык Виргин аралдары.

Карыз  кайтарымы  менен  жакшы демекчи, өлкөбүз өз алдынча болгондон бери чет өлкөлөрдөн алган насыяларды төлөөнүн жогорку баскычы 2025-2029-жылдарга туш келет экен. Тышкы жана ички карыздын суммасын билүү үчүн Минфиндин сайтын ачып көрсөк, чет өлкөдөн алынган каражаттардын узун тизмеси берилген. Андагы көрсөтүлгөн суммаларды кошуп чыгышыбыз керек экен. Бул сайтты пайдалануучуларга ыңгайсыз, анткени ар бир жаран экономист эмес. Ошентсе да Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 700 миллион долларга жеткенин тактадык. Муну улуттук валютага айландырганыбызда 321 миллиард 950 миллион сомду түзөт экен. Ал эми ички карызыбыз 500 миллион доллардан ашуун. Кыргызстанга эң көп насыя Кытайдын «Эксим» банкы аркылуу 819 миллион доллар берилиптир. Андан кийинки орунда Россия 300 миллион доллар менен турса, Япония 269 миллион, Германия 100 миллион доллар бериптир.

Кытай өлкөсүнө болгон карызыбыз жалпы тышкы карыздын 44 пайызын түзөт, тактап айтканда, алар бизге 1 млрд. 629,13 доллар насыя берген. Эми Кыргызстанга насыя берген өлкөлөрдүн бир нечесин тизмелеп көрөлү, Франциянын Натексис банкы 5,16 млн. доллар берсе, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги 241,85 млн., Германия 83,16 млн., Корея экспорт-импорт банкы 16,14 млн., Кувейт фонду 7,49 млн., Россия 240, млн., Сауд өнүктүрүү фонду 14,50 млн., Түркия 97 млн., Эл аралык валюта фонду 180, 96 млн., Азия өнүктүрүү банкы 597,40 млн., Эл аралык өнүктүрүү ас-социациясы 650,38 млн., Ислам өнүктүрүү банкы 77,12 млн. доллар берген.

Жыл өткөн сайын насыялардын үстөгү жогорулап жатканы жана ал үстөк акчанын чет өлкөлөргө төлөнүп жатканынан коомчулук кабардар эмес. Же коомчулукту дүрбөлөңгө салбайлы дешеби, айтор Минфиндин сайтынан төлөнгөн үстөктөр боюнча маалыматты таба албадык. Бул фактыны канчалык жаап-жашырбайлы убагы келгенде өзү эле билинери турган иш. Эгер, алган карызыбызды Кыргызстанда жашаган ар бир адамга бөлүштүрө турган болсок 53 миң 658 сомдон тиет экен. Анан кантип ар бир жаран тынсызданбайт? Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кытай тарап менен түзүлгөн келишимде карыз кечирилбейт, мөөнөтү узартылбайт, мамлекетибиздин суверенитети колдонулбайт, эгер талаш-тартыш жаралса кытай тилинде алардын мыйзамы менен гана Гонконгдо чечилет деп ратификацияланганын айтты. Болгон тышкы карызыбыздын дээрлик жарымына жакынын кошуна Кытай өлкөсүнө болгон насыябыз түзөт. Алар бизге насыя акча берүү менен кайсы бир деңгээлде көз каранды кылды. Эгер, карызын убагында бере албай калсак, алардын талаптары суверендүүлүгүбүзгө доо кетирсечи?

Буга чейин өлкө бюджети көп ирет тартыштык менен кабыл алынганын билебиз. Бул жагдайдан алып караганда ички карызыбызды жаба албай жатып, анан канткенде тышкы карызыбызды, кайсы ресурстун эсебинен жабабыз? Карызды төлөөнүн эң жогорку баскычы 2025-2029-жылдар экенин, бул убакыт бат эле келерин эстен чыгарбасак.

Кыргызстан чет өлкөлөрдөн насыя албай жашоого толук мүмкүнчүлүгү бар, туризмди өнүктүрүп, кен байлыктарыбызды, сууну туура, натыйжалуу пайдалансак, өзүбүздү камсыздоого эмнеге болбосун дейин десең, ошол кен байлыктарыбыздан керегибизге жарай тургандай канчалык деңгээлде пайда түштү? Алтын кендерибизди казган чет өлкөлүк компаниялардан пайда көбүрөөк түшсө, жок дегенде карыздарыбыз жабылып, маарып жатып калбайт белек. Тилекке каршы, андай болбой кен байлыктарыбыздан мамлекетке пайда аз түшүп жатканын моюнга алыш керек.

Экономисттердин эсеби боюнча тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн 60 пайызынан ашпаса, өлкө үчүн анчалык кооптонуу болбойт, эгер андан ашса өлкө экономикалык сазга батат экен. А бизде тышкы карыз 58 пайызды түздү, же 60 пайызга жетсин деп күтүп отура беребизби? Тышкы карызы триллиондоп саналган өнүккөн өлкөлөрдүн стратегиялык багыты, коопсуздугу, экономикасы менен өзүбүздү салыштырууга болбойт. АКШнын тышкы карызы 17,7 триллион, Англиянын 9,5 триллион, Германиянын 5,5 триллион, Франциянын 5,7 триллион, Япониянын 2,8 триллион, Кытайдын 907, 2 миллиард, Ору-сиянын 715,8 миллиард, Казакстандын 200 миллиард карызы бар экен деп камырабай жүрө беребизби? 2011-жылы болгону 56 миллион доллар төлөгөнбүз. 2015-жылы Россия карызыбыздын жарымын кечүүсү менен тышкы карыз бир аз азайып, 110 миллион төлөгөнбүз. Ал эми 2018-жылы 191 миллион доллар төлөшүбүз керек болсо, кийинки беш жылдын ичинде 1,5 миллиард доллар төлөөгө туура келет. Мындай сумманы төлөөгө чама-чаркыбыз жетеби?!