Элетти өнүктүрүүнү сүрөгөн эл аралык уюмдар

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, атайын кабарчы, Бишкек – Баткен – Бишкек


Европа биримдиги эки тараптуу кызматташтыктын алкагында 2014-2020-жылдарда Кыргызстанга 184 миллион евро бөлөт. Анын 39 пайызы айыл аймактарын өнүктүрүүгө жумшалмакчы. Евробиримдиктин “Кызматташууну өнүктүрүү инструменти” программасы боюнча “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коом уюмдарын колдоо механизми” долбоорунун алкагында Баткен айылдык кеңеши, АКТЕД, “Инсан-Лейлек” жана “Билек” коомдук уюмдары иш алып барышып, райондун социалдык-экономикалык жактан өсүүсүн колдоо багытында ондогон атайын долбоорлорду жүзөгө ашырууда. Төмөндө алардын айрымдары тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Көк-Таштыктар көксөгөн суу

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылында жашагандар “Кыргызстан ушул жерден башталат” деп коюшат.

Аныгында эле ошондой. Бирок, деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан, Бишкектен 1100 км алыстыкта турган, Тажикстанга чектеш, аба-ырайы катаал, өлкөбүздүн эң четиндеги Көк-Таш айылы көз жаздымда калып келет. Дароо байкалганы – айдоо жерлеринин аздыгы. Кээ бир айылдыктар бөксө тоолорду тытмалап, бирдеме айдашыптыр. Ушул эли дыйкан, мээнеткеч, жер-шартына чыдабай көчүп кетсек чек арабыз эмне болот деген ойдо жашаган Көк-Таш айылынын тургундарынын башкы көйгөйү суу болуп келген.

Жакшы  жагы,  Евробиримдиктин  “Кызматташууну өнүктүрүү инструменти” программасы боюнча “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коом уюмдарын колдоо механизми” долбоорунун алкагында Көк-Таш айылынын суу көйгөйү чечилиптир. Аны жүзөгө ашырган АКТЕД эл аралык уюмунун өкүлү Данияр Сапаров буларды айтты: “Долбоорду 2016-жылдын август айында баштап, октябрь айында бүтүрдүк. Аны каржылоого Евробиримдик 29 миң евродон ашуун каражат бөлсө, жергиликтүү эл 4 миң евро чогултту. Бардыгы 34 миң евро жумшалды. 2,5 чакырым жердеги булактын суусун суу түтүктөрү аркылуу тартып келдик. Аны менен эл тамарка жерлерин кенен сугарып колдору узарды. Иштин жүрүшүндө дагы идея пайда болуп, кошумча 180 метр труба сатып келип, түтүк менен алынып келинген таза сууну атайын суу сактаган резервуарга коштук. Муну менен суу текке кетпей, резервуарларда сакталса, экинчи жагы Көк-Таш айылынын эли ичүүчү таза суу менен да камсыз болду”,– деди ал.

Айылдагы а лгачкы күнөскана

Көк-Таш айылында жайыт тартыш. Үлүш жерлеринин  дээрлик бардыгы кайрак жерлер. Сугат суулары жетишсиз. Таянгандары бирин-экин мал менен биртике тамарка жери. Болгон тирликтери ушул. Башка  жумуш  жок.  Жаштары  болсо  мектепти бүтөөрү менен миграцияга чыгып кетүүдөн башка аргасы жок. Мындай шарттарда чек ара жеринде элди кармап калуу үчүн ушул өңдүү долбоорлорду ишке ашыруунун социалдык-экономикалык, кала берсе саясий жактан чоң мааниси бар.

Айта кетүүчү нерсе Евробиримдиктин “Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коом уюмдарын колдоо механизми” долбоорунун алкагында Көк-Таш айылында күнөскананын салынышы да айылдыктарды көп нерседен үмүттөндүрүп, айыл жеринде оокат кылуунун жаңы багыттарын ачып жатыптыр.

Долбоор  боюнча  курулган  Топчубай  Кенжебаевдин күнөсканасына 2490 евро жумшалган. Анын 765 евросу Т.Кенжебаевдин жеке салымы болгон. Мурда ар түрдүү кесиптерде жүргөн Топчубай Кенжебаев өзү айткандай минтип жашылча өстүрүүгө адистешип кетем деп деле ойлобоптур. Бүгүнкү күндө үй-бүлөсү менен помидор, бадыраң өстүрүп сатып оокатын тыңытып алыптыр. Өндүргөндөрүн 30 чакырым аралыкта турган Исфана шаарына алып барып сатаарын, айыл ичинде да өтүп жатканын айтты. Эң башкысы Топчубай Кенжебаевдин тажрыйбасы айылдыктарды да кызыктырып жатканында. Анткени, жыл бою киреше берүүчү күнөскана кимди болбосун туруктуу жумуш менен камсыз кылаары белгилүү эмеспи.

Көбү Чүйгө көчүп кетишиптир

Ал эми Көк-Таш айылынын башчысы Амиракулов Абдумалик өз айылынын көйгөйүнө күйүп-бышып айтканы бул болду: “Сумбула айыл аймагында Андарак, Искра, Сары-Дөбө, Көк-Таш аталган төрт айыл бар. Тажикстан менен 140 км узундукта 6 айылы менен чектешебиз. Бизге эмне үчүн чек арадагы айыл статусун беришпейт? Көк-Таш айылы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турганына карабастан бийик тоолуу айыл категориясына кирбей келебиз. Келген комиссия 1800 м бийиктиктеги  Андарак айылына келет дагы, андан бийик турган бизге кайрылбай кетип калышат. Жолубуздун кебетеси болсо бул. Кур дегенде ушул жолубузду оңдотуп, ар түрдүү салык төлөмдөрүнөн жеңилдик беришсе дурус болбойт беле. Бул тууралуу жогору жакка кайрылып эле атабыз. Бирок жооп жок. Ушундай шарттардан улам элибиздин көбү Чүйгө көчүп кетти. Жаштарыбыз токтобой ички-сырткы миграцияда жүрүшөт. Минтип отурса бул айылдарда эл калбай, чек ара жерлери ээн калса эмне болот? Дагы жакшы эл аралык уюмдар жардам берип суу чыгарып, күнөскана, мөмө-жемиш кургатуучу цех салып берип кол кабыш кылып атат”.

Учурда чек ара жерлеринде элдерди кармап калуу маселеси курч турат. Андыктан Көк-Таш айылынын башчысы Амиракулов Абдумаликтин айткандарында данек бар экенин белгилей кеткибиз келет.

Кошумчалай кетсек аталган долбоордун алкагында Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында Нургазы Исмановго таандык 18 тоннага чейин мөмө-жемиш сактай турган кампа бүткөрүлүптүр. (Жалпы бюджети 9274 евро, анын 3685 евросун Н.Исманов өзү кошкон). Бул дагы айыл эли өстүргөн жемиштерин жакшы сактап, кийин сапатын бузбай сатыкка алып чыгышына түзүлгөн шарт болуп эсептелет.

Мал союучу жайдын мааниси бар

Евробиримдиктин “Баткен  Айыл-дык кеңеш берүү кызматы” коомдук уюму жарыялаган  конкурста  жеңип чыккан Дооронбек  Абдиназировдунмал союу-чу жай куруу долбоору да бүткөрүлгөн. Аны жүзөгө ашырууда АКТЕД, “Инсан-Лейлек”, “Билек” коомдук уюмдары  өнөктөш  катары чыгышып, жумшалган каражаттын  жалпы  суммасы 8700 еврону түзгөн. Анын 4854 евросун жеке ишкер Д.Абдиназиров өзү кошкон. Учурда Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун жана айыл чарба министрлигинин санитардык жана фитосанитардык бардык талаптарына жооп берген Исфана шаарындагы бул мал союучу жайда 8 киши жумуш менен камсыз болгон. Ошондой эле райондун базарына чыгарылып, сатылып жаткан малдын эттери да, ветеринардык адистердин текшерүүсүнөн кийин ушул жерде союлган малдын эттери болуп эсептелет. Д.Абдиназировдун айтымында күнүгө 3-4 кара мал, 10 чакты кой союлат экен. Лейлек районунун борбору, 25 миңден ашуун калк жашаган Исфана шаарында уйдун эти 300 сом болсо, койдун эти андан кымбат 350 сомдон жогору турат.

Асыл тукум уй. Үч литр сүт берген эчкилер…

Аймактарды өнүктүрүүдө малдын ту-кумун  асылдандыруунун мааниси зор. Аталган дол-боордун алкагында малды асылдандыруу  багытында көзгө көрүнөрлүк иштердин  жасалып  жатканы кубандырбай койбойт. Долбоордун менеджери Таалайбек  Абдыраимов мындай дейт: “Малды жасалма уруктандыруу жолуменен асылдандыруу борбору” боюнча дол-боордун конкурсунда кесиби ветеринар, жаш адис Медербек Набиев жеңип чыккан.  Жалпы  бюджети  6459  еврону түздү. Ишкердин же-ке салымы 1934 евро болду. Керектүү жабдууларды  Москвадан алдырып берип, курулуш  материалдарынан да жардам  бердик.  Калганын  өзү  бүтүрдү. Ошондой  эле  малдын  ээлери  телефон чалып чакырса, булар барып жеринде мобилдүү тейлөө көрсөтүшөт. Борбор 2017-жылдын октябрь айында ишке киргизилди”.

Жаш адис Медербек Набиевдин айтымында бүгүнкү күндө 130 уйга жасалма уруктандыруу жасалган. “Жергиликтүү уйларды асылдандыруу максатында эт-сүт багытындагы “Симментал”, “Шароле”, “Ала-Тоо”, “Абердин ангус” тукумундагы уйлардын уругун пайдаланып жатам. Ошондой эле индонезиялык асыл тукум эчкилердин уругун алып, эчкилерди да асылдандырууну колго алдым. Бул эчкилер үч литрден ашуун сүт берет. Айрым жергиликтүү уйлар деле 3 литрден ашык сүт бербейт. Демек, ага караганда асыл тукум эчки бакса эл сүткө марыган жатпайбы”деген оюн айтты ал.

Айта кетүүчү нерсе бүгүнкү күндө Лейлек району боюнча 64289 бодо мал идентификациялоодон өткөрүлүптүр. Көпчүлүгү жергиликтүү тукумдагы малдар. Демек, асылдандыруу багытында алдыда көп иштер бар.

Саясий арнография

Өкмөттүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге

Көп күтүп жолуң карашат

Канаты талып куш жетпес,
Кадимден бери кут кетпес,
Байыркы жери кыргыздын,
Баткенге барып мен келдим.
Кайнатып ийген мээңди,
Какыраган чөл көрдүм.
Кажыбаган эмгектен,
Кайраты артык эл көрдүм.
Кемчилик иштер көп экен,
Кейип ичтен термелдим.

Бирин эле айтайын,
Көк булуттун астында,
Көк асканын үстүндө,
Бардым Көк-Таш айлыңа.
Барганым деле курусун,
Баттым абдан кайгыга.

Чек ара жер бул дешип,
Чектен көчпөй тур дешип,
Бирин-бири сүйөгөн,
Ынтымактуу эл экен.
А бирок айтып отурса,
Андагы элдин арманы,
Ала-Тоого тең экен.

Жамгыр жааса эзилген,
Айдап өтсөң машинең
Ай-асманга секирген
Жолун айтып даттанды.
Бийик тоого кирбеген,
Шорун айтып даттанды.
Салмагы сайдын ташындай,
Салыгың айтып даттанды.
Бир келип кабар албаган,
Айыбың айтып даттанды.

Эртели-кеч бүтөт деп,
Эл аралык уюмга,
Баарын салбай тапшырып.
Баткендин лөгү Абишим,
Көп күтүп жолуң карашат,
Көк-Ташка кылчы жакшылык!!!