«МЕНИН» АЙТМАТОВУМ (2-макала)

Айтматов менен кийинки жолугушуум  жогорку  класста  окуп жүргөн жылдарымда болду. Адабиятка кунтум абдан эрте ойгонгон. Атам эң эле жаш күнүндө ыр, кара сөз жазган, казак, татар адабиятын педтехникумда окуп жүргөн 30-жылдары эле казып окуп койгон заманындагы өтө билимдүү киши эле. Үй толо китеп. Апам мектепте китепканачы. Куланак, кезинде, райондун борбору болгондуктан, айылдык да, мектептик да китепкана кыргызча да, орусча да китептерге тирелип өтө бай эле. Үйдү бүтүрүп салып китепкананын ичине кирип кеткем. Кызыгуум ашынып отуруп жогорку класстардын «Кыргыз адабияты» окуу китептерин окуп салгам. Адабият сабагы кызыксыз тартып, анан жазуучулардын өзү эмес, алар жөнүндө жазылган адабий сын, макалаларды окуй баштадым. Ошол кездеги берилип окуган китепте-рим: Шаршенбек Үмөталиевдин «Чын-дык жана чыгарма», Камбаралы Бобуловдун «Адабий турмуш ойлору», анан, өмүрдөн эрте өткөн таланттуу калемгер Бакен Ашымбаевдин «Чыңгыз Айтматов» деген адабий илиги.

Ал кездин бир модасы – жогорку класска барып калган кезде кыздар менен кат жазышуу эле. Албетте, ыр менен жазылат ал! Мен да көңүлүмө ынап калган бир кызга дембе-дем Мажнун каттарын жаздым. Бул эле эмес, айрым достордун өтүнүчү менен алардын Лэйлилерине да делбеленип ыр каттарын шилтедим. Ошентип жүрүп билинбей жаш Даниярдын образына да кандайча кирип кетке-нимди өзүм да билбейм. Анан ушундай жаштык романтикалуу маанайда «Жамийланы» окудум. Жалбырттап окудум! Жалындап окудум! Айрыкча, Жамийла менен Даниярдын соңку чагылгандуу түнү, чөмөлө чөптө энтигишип, муха-бат тууралуу сүйлөшкөн сөз-диалогдору кайра-кайра  окула  берип,  көңүлүмдө ырдай жатталып кетти. Кезүүнүн коюн кайтарып чыккан күндөрүмдө болсо, ээн адырды жаңыртып, Даниярдын абанын заңкылдатып созсо, мен создум. «Сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эң улуу баян» деп Арагон эмес, биринчи мен айткансыдым. Арагон менин ичимдегини эртелеп окуп алып дүйнөгө жар салып койгонсуду. «Жамийладай» чыгарма жок дүйнөдө деп жер сабап жүргөн мен болдум. Кыскасы, «Жамийла» менин өз балалык-жаштык доорум аркылуу бар көөрүндө ачылып берген Айтматовдун биринчи чыгармасы болду.

Анан… Тагдырдын буйругун кара, дал онунчу классты аяктап жатканымда,  1967-1968-окуу  жылында  кыргыз адабиятынан мамлекеттик экзамендеги сочинениенин темасы: «Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги Жамийла менен Даниярдын образы» болуп калбаспы. Жаа тарткандай эле кеттим. Жазып атам, жазып атам, баш көтөрбөй жазып атам. Айрым балдар жазып болуп, тапшырып чыгып жатышат, а мен дале бүтпөй жазып атам… Акыры экзамен алган мугалим шаштырып келип, оюмдагыларды толук айттырып үлгүртпөй, черновигимдин башына (муну кийин колума алдым) «12 с. 51 мин.» деп жазды да, эми саат 14:00гө чейин көчүрүп үлгүр деп экзамендик таза баракты алдыма таштап кетти. Үлгүрдүм эптеп. Окуучулардын эң арты болуп, төрт саат толук отуруп, сочинениемди тапшырып чыктым.

О азис окурманым, ойлоорсуз: качан-кы бир окуучулук сочинениенин бизге канча кызыгы? Мен деле ушинтип ойлоор элем, бирок, бир «кызыгы» бар экен.

Биринчи. Айтматов талантка карата эң кенже окурмандын – мектеп окуучусунун урмат-сыйы, сүйүүсүнүн тазалыгы, мөлдүгү;

Экинчи. Чыныгы сезимден шакардай кайнап чыккан сөздүн – аны улуу айттыбы, бала айттыбы, ага карабай, – эч качан эскирбестиги, изгилик күчү;

Үчүнчү. Сүйүнбай акын айтмакчы, «бир теринин ичиндеги» (мейли, материалдык, же, руханий мазмунда болобу!) бир адамдын дээрлик өзгөрбөстүгү. Жаки, эми өзүм таң калам: ошондогу ой жүгүртүүм менен эмики ой калчоом даражасы (50 жыл – жарым кылым!) ан-ча деле айырмасыздай. Алтургай, жазуу стили гана эмес, жазуу-почеркимен өйдө окшош, анча деле өзгөрбөгөн. Бул эмненин белгиси? Окуучулук кездеги эле өтө озгун өскөндүкпү бул, же ошол окуучулук күндөн анча деле алыстап кете албаган жеткен тарпаң кашаңдыкпы, бул? Кайсынысы?!.

Кандай болгондо да, андагы 40 жаштагы (мындан жарым кылым мурунку!) Айтматовго карата 16 жаштагы баланын мамилеси – кызык эле…

Эми жана, кызык, Тагдырдын да бир буйругун кара, мамлекеттик экзамендеги сочинение, черновиги кошулуп, кайра кайтарылбайт, архивге кетет (аны эч ким да артынан кызыгып издебейт!). А бул сочинениенин тагдыры андай түшпөптүр. Бизге адабият сабагын окуткан, универ-ситеттин филология факультетин кы-зыл диплом менен бүтүргөн өтө күчтүү мугалим-илимпоз Талгатбек Жусупов агайым райондук архивден барып сочинениемди (черновигин) өзү алып, кийинки жаңы окуу жылынын ашталышында жаңы 10-класс окуучуларын жыйнап, мугалимдерди кошуп, «эмки мамлекеттик экзаменде жазсаңар, ана ушундай жазгыла!» таризде тамшанып, атайын окуу, талкуулоо уюштуруп жибериптир.

Кийин айылга бир барсам, ушунун баарын кырааттап айтып, өзү да мактана, мени да мактай, анан, бапестеп сактап жүргөн сочинениени колума карматты: «Катып ал, кийин өзүңө жакшы эстелик болот…».

Эми, кызык бул эле эмес, Тагдырдын да бир буйругун караңыз. Жети-сегиз жыл илгери киночу жигит Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» документ фильмине тартчумун деп, менин тээ балалык күндөн берки бардык чарбам-ды чачтырды – сүрөттөрүмдү, окуучулук мактоо грамоталарымды, кол жазмаларымды, качанкы чыгармаларым чыккан альманахтарды, китептеримди…

Ушунда карасам, бир кычыкта бая унутулган «тарыхый сочинением» жүрөт (тарыхый улуу адамга байланышкандыктан жана жок болбой канча узаакы жол баскандыктан, бул окуучулук кол жазмам мен үчүн эми чын эле «тарыхый» болуп калыптыр. Кандайдыр нерсенин «тарыхыйлыгын» кээде анын өздүк куну эмес, анын басып өткөн жолунун баасы-куну аныктап калат). Жарым кылым мурунку жаш баланын таза дүйнөсү, баё психологиясы, эми мага – атактуу жазуучунун көзү өтүп кеткенин көрүп калган, ага көнүп калган, бир тери ичиндеги «карыган бала» мага – эми өтө эле аянычтуу болуп туру. Андагы 16 жаштагы буй түшкөн, романтикалуу жалбырт жанган кетик тиш, тармал чач, сары уланга – Жамийланы сүйүп калган жаш Даниярга, – мен эми муну кантип айтамын. Акыркы «Тоо кулаган» романына кошулуп тоодой жазуучу өзү сулаганын кантип, кантип угузамын ага…

«Тарыхый сочинениени» атактуу жазуучуга байланышкан балалык тарыхтын, баё сүйүүнүн бир үзүмү катары, анан да ушунча узаакы жылдары упурап жок болуп кетпей «жашоо укугун» өз тагдыры менен жеңип алган окуучулук эстелик ирээти – «мендеги Айтматовго» тиркей кетүүнү эп көрдүм.

* * *

Алтымышынчы жылдардан баштап  «кыргыз  кинокеремети» доору өкүм сүрдү. М.Убукеевдин «Тайгак кечүү», Т.Океевдин «Бакайдын жайыты», Г.Базаровдун «Саманчынын жолу», А.Михалков-Кончаловскийдин «Биринчи мугалим», Л.Шепитьконун «Аптап» көркөм фильмдери баштаган бир не-че кыска документ тасмалар кыргызды кыйырга таанытты. Булардан кийинки кино-шедеврлер – «Көксерек», «Уркуя», «Караш-караш», «Касиеттүү көл», «Ак кеме» ж.б. биздин студенттик, кийинки жаштык жылдарыбызда тартылды. Республикабыздын маданий турмушундагы өтө зор майрам катары өткөрүлгөн ар биринин тушоо кесер аземдерине кырылышып жүрүп билет таап көрдүк, катыштык. Кино менен чексиз «оорудук». Мен да келечекте кинорежиссер болсом деп өтө дегдедим. Колдо документтерим жок гана (университет бербейт) Москвага сызып кете албай, ВГИКке тапшыра албадым. Бирок, качандыр бир жолум түшүп калар деген үмүттө кино тууралуу адабияттарды үзүлүп түшүп окуп жүрдүм. С.Эйзенштейнди, В.Пудовкинди, С.Герасимов баштаган кийинки муундарды, ВГИКте өтүлгөн сабактардын стенограммаларын борбордук китепкана аркылуу суратып алып (ушундай кызмат бар болчу ал кезде), буларды тирмийип изилдеп окудум. Кыскасы, кызыгуум утурумдук «жалбырт» эмес, түбөлүктүү «чагылган» болчу.

Ошентип жүрүп акыркы курска да жетип, диплом жазуунун кези келди. Менин кыргыз филологиям (тил, адабият) бир тең да, кином бир тең эле. Дале келечегимди болжоп, акыры түбү киного кетүүнү ойлоп, дипломду ушул багытта жазууну чечтим. Ал кезде Айтматовдун кыйла чыгармалары экрандаштырылып калган болчу. Бирок Айтматов киносу-на эмес, дегеле кыргыз кино сыны жок. Жалгыз каарман Ашымовдун «Рождение киргизского кино» деген кино тарыхына арналган жалпылама жалгыз баяндан башка бир да эмгек жок. Бизде эле эмес, дегеле жалпы союзда ошол тушта киносын теориясы жаңыдан түптөлүп бара жаткан кез экен. Кыскасы, бир жагында – күргүштөп өнүгүп бара жаткан кино өнөр; экинчи жагында – аны аңдап үлгүрүп-үлгүрбөй артынан кеч ээрчиген кино таануу. Ушундай тарыхый шартта мен Айтматов киносу тууралуу жазмак-чы болуп калыпмын. Бирок ошол кезде бүтүрүүчүлөр үчүн бекитилген дипломдук иштердин темасында бул кайдан болсун. Кинонун филологияга – не кереги? Деканаттан бербей, бекитпей коюшту. Мен да көжөлдүм. Акыры, «эми эгерде эле же-текчи таба алсаң, ал макул болсо – биз да көрөлү» – дешти. Учуп Салижан агайыма жеттим. Ал кезде жаш Жигитов, ооматы оо, жүрүп турган, айтканы айткан, дегени деген эле. Универсал Сакең Океевдин «Бакайдын жайыты» фильмине көлөмдүү макала арнап жибергенинен өйдө билер элем. Адегенде агайым да мени өзүнүн темасына салгысы келди, сөзгө чекти, бирок менин көжөлүп «оңолбос жолду» беттеп алганымды көрүп, акыры макул болду. Өзү илимий жетекчи болуп, темамды бекиттирип берди: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу». Бая мектепте «Жамийланын» образын кандай жалындап жазсам, мында да көңүлүм сүйгөн теманы ошондой көөндөнүп жаздым. Анан… мыкты жактадым!

Окууну бүткөнүм соң да «кино оо-рум» бүтпөдү, бирок жолум да эч түшпөдү. Биякка жолдун баары тыкыр жабык. Дипломдуу адистер көп, иш жок, тымызын конкуренция күч, а менин кино-сынчы да болгум жок, өзүм оригинал чыгарма жаратышым керек. Белгилүү чыгармаларды экрандаштыруу, белгилүү режиссерлордун белгилүү сценарийлер менен (көбүнчө өзүлөрү авторлош болгон) иштеши… Бөтөн – кире албайт оңой менен!

(Кире албай жүрүп өтүп кетишкен кандай мыкты жигиттер бар эле-аа!). Акыры, менин жолум да айры түштү.

Нарын радиосуна кабарчы болдум. Айылга кеттим. Узаака кеттим…

Ооба,  кинорежиссурага  жолум түшпөдү. Бирок эч нерсе изсиз да өтпөйт экен, ошончо зор ышкы мени дүйнөлүк киноискусствонун не бир залкар чеберлери менен тааныштырды – Акира Куро-сава, Сатьяджит Рэй, Радж Капур, Луис Бунюэль, италия неореалисттери, Федерико Феллини, Микеланджело Антониони, Ингмар Бергман, Сидней Поллак, Сергей Герасимов, Сергей Параджанов, Андрей Тарковский… ХХ кылымдын туу чокулары, кылым барометрлери, жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү башка бардык искусство түрлөрү ичинде бат да, батыл да алып чыккан авангарды – Кино!

«Дүйнөлүк»  деп  таанылгандыгына  карабастан,  жогорку  авторлордун көпчүлүгү совет идеологиясында «терс, буржуазиялык» катары бааланчу тушунда, фильмдери да көрсөтүлчү эмес, бирок «мүмкүн» да, «мүмкүн эмес» да кычыктарды таап, көргөнүн көрдүк; көрө албага-ныбызды – китептин, фантазиянын күчү, – жаттагандай окуганыбыз, фотокадрлар-дын ирээттүү сюжети, маанайынан чыгып өз элесибизде жандуу фильм кылып жа-ратып да алдык. Өз фильмибизди! Эмки, баарына баарынын колу оңой эле жетип турган эркин заманда муну бирөөгө айтып түшүндүрө да албайсың.

Ушундай бир дүйнөлүк кино суусак заман…

Тагдырыбызда  баары  бир  изсиз өтпөгөн…

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ, жазуучу-философ