Эрнис Кыязов “Бешинчи каналдын” башкы директору болуп дайындалды

Эрнис Кыязов 2018-жылдын 2-майынан тарта «Бешинчи каналдын» башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондусунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эрнис Кыязов – 1977-жылы 15-ноябрда Ош облусунун, Кара-Суу районунда туулган.

Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн 1997-1998-жылдары “Кыргыз Руху” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы болуп баштаган. Андан кийин КООРТ ТВда, НТС телеканалында жана Жогорку Кеңештин аппаратынын маалымат бөлүмүндө жооптуу кызматтарда иштеген. КТРКда директордун орун басары, ЭлТР каналында башкы продюсер, ОшТВ телеканалында директор болуп эмгектенген.