4-майга карата аба ырайы

4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.