Караколдо каналдан суу ашып, үйлөрдү каптаган сууну кесепети жоюлду

Ысык-Көл облусунун Караколдо каналдагы шлюздарга тал, теректин чырпыктары туруп калып, суунун деңгээли көтөрүлп, каналдан суу ашып, үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, суу короо жайларды каптай баштаган. Токтогул көчөсүндөгү үч үйгө суу кирген. ӨКМдин Каракол шаардык бөлүм башчысынын орун басары жана кызматкерлери барып, арыктарга кептелип калган тал-теректин чырпыктарын жергиликтүү тургундар менен кошо тазалап, суу каптоонун кесепети жоюлду.