Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун камакта кала турган мөөнөтү узарды

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган эки кыргызстандыктын камакта кала турган мөөнөттөрү май айынын ортосуна чейин узарды. Бул тууралуу Алматы шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимди апрелдин орто ченинде Алматы шаарынын Алмалы райондук соту чыгарган.

«Асылбек уулу менен Мурадиловдун мөөнөтү 15-майга, ал эми Абакировдуку 16-майга чейин узартылды», — деп айтылат маалыматта.