Иракта кыргызстандык үч келинди өлүм жазасына тартуу өкүмү чыкты

Ирактын соту быйылкы жылдын башынан тарта «Ислам мамлекети» уюмунун ишине катышкандыгы үчүн ар кайсы өлкөдөн келген 28 аялды, анын ичинен кыргызстандык үч келинди өлүм жазасына тартты. Бул туурасында Iraqi News басылмасы Ирактын адам укуктары боюнча Жогорку комиссиянын мүчөсү Али аль-Баятиге шилтеме кылып кабарлады.

Али аль-Баятинин айтымында, кыргызстандык кыз-келиндер менен бирге эле түркиялык, азербайжандык, россиялык, франциялык аялдар да өлүм жазасына кириптер болгон. Маалыматта кыргызстандык аялдардын соту өткөн жумада аягына чыккандыгы айтылды.

3-майда Багдаддын Борбордук кылмыш иштери боюнча соту чет элдик дагы сегиз аялды өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Алардын үчөө Түркиядан, дагы үчөө Азербайжандан, бирөө Өзбекстандан, дагы бирөө Сириянын өзүнөн экендиги маалым болду. Жогорудагы чечимдер өлкөнүн террорчулукка каршы мыйзамынын негизинде чыгарылган.

Human Rights Watch деп аталган адам укугун коргоо уюмунун берген баасына караганда, Сирияда «Ислам мамлекети» талкалангандан кийин Ирактын түрмөлөрүнө 1400 аял балдары менен кошо түшкөн. Алардын арасында ар кыл улуттагы террорчулардын аялдары жана жесирлери бар экендиги аныкталган. Укук коргоочулардын айтымында, келиндердин ичинде жихад идеясын тараткандардан сырткары, азгырыктын курмандыгы болгондор да бар. Алардын көбү аталган аймакка күйөөлөрүнүн кысымы менен келгендигин айтып, өкүмдү жеңилдетүүнү суранышкан.

Мындан сырткары, «жихад ан-ника» менен, тагыраагы ошол жердеги согушкерлердин төшөк мамилеси үчүн келгендер да бар экендиги айтылды.

Буга чейин интернетке британиялык «ак жесирди» террорчулар мекенине кайра жибербей жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Булак: Спутинк