Өзбек жараны Кыргызстанга унаанын багажында өтүүгө аракет кылган

Өзбекстандын жараны Кыргызстанга унаанын багажында өтүүгө аракет кылган,-деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 6-майында Баткен облусундагы “Ак-Кыя-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган ӨРнын жараны кармалган.

Кыргызстандын 1987-жылкы К.А., аттуу жаранына таандык “Hyundai Starex” үлгүсүндөгү унааны текшерүү маалында багаждан Өзбекстандын жараны табылган. Ал Өзбекстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган. Сурамжылоо маалында анын жанында тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган КР менен ӨРнын жарандары КР УКМКнын тиешелүү аймактык бөлүм кызматкерлерине өткөрүлгөн.