Азия кубогу- 2019: Кыргызстан беттеше турган командалар аныкталды

Дубайда Азия кубогу – 2019 финалдык этабы боюнча чучукулак болуп, анда Кыргызстандын курамасы “С” тайпасына түшкөн.

Ага ылайык, Кыргызстан курама командасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен ойнойт.

Эске сала кетсек, Азия кубогу – 2019 Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылдын 5-январынан 1-февралга чейин өтөт.