Аймактардагы аткарылып жаткан алгылыктуу иштер

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Президенттин жарлыгы менен быйыл аймактардагы инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалууда. Андыктан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди билүү максатында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер аткарылууда деген бир собол менен кайрылдык.

Аманбай КАЙЫПОВ, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Ат-Башыда соодаиндустриалдык логистикалык борбор курулат”

– Аймактарды өнүк түрүүдө биринчи кезекте облусубуздун аймагында жашаган элибиздин жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга ыкчам, ортомчусуз, тикелей кызмат көрсөтүү иштерин тездетип киргизүү, жеке ишкерлердин долбоорлорун колдоого алып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат. Нарын облусу айыл жана мал чарбасына ылайыкташкандыктан, калктын негизги кирешеси эт, сүт жана айыл чарба азыктарынан түшөт. Мамлекет Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин дыйкан, фермерлер өндүргөн азыкта-рын экспорттоого жол ачылып отурат.

Алардын талаптарына жараша малды ветеринардык көзөмөлгө алып, кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ар бир райондордун борборуна куруу бүгүнкү күндүн талабы болуп калууда. Ат-Башы, Нарын райондорунда заманбап мал союучу жайларды, Нарын шаарында сүт иштетүүчү заводдун курулушуна аракеттер көрүлүүдө. Облустун өнүгүшүнүн негизги тармагы болгон мал чарбачылыгын көтөрүүдө асыл-тукум фермердик чарбалардын санын көбөйтүү, ар бир айыл өкмөтүндө жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын, ветеринардык клиникаларды, «Беккари» чуңкурун курууну тездетүү, ири мүйүздүү малдарды идентификациялоону уюшкандыкта өткөрүп, көзөмөлгө алуу ишке ашырылууда. 2013-жылы 3 гана ветеринардык клиника болсо, учурда облус боюнча 23 ветеринардык клиникалар курулуп ишке берилди.

Өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилүүдө. Акыркы 4 айда 200дөн ашык адам айыл чарбачылыгына 220 млн. сомдун тегерегинде кредит алды.

Түшүмдүүлүктү  көтөрүү  максатында фермерлерди жогорку сапаттагы үрөндөр менен камсыз кылуу, статус алган үрөн чарбалардын үрөн өндүрүү боюнча жоопкерчилигин көтөрүү, жер-жерлерде үрөн участокторун уюштуруу колго алынууда. Кочкор районундагы картошка сактоочу логистикалык борбордун курулушун бүткөрүүнү, Ат-Башы районундагы соода-индустриалдык логистикалык борбордун курулушуна инвесторлорду тартууга аракеттер көрүлүүдө.

Бул борбордун курулушуна Өкмөт тарабынан Ат-Башы районунан 200 га жер берилди. Жыл сайын ар бир шаар, райондордо 10дон кем эмес жаңы ишканаларды ачуу иштерин улантып, 500дөн кем эмес жумуш орундарын, инвестицияларды тартуу, эл аралык уюмдар аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу менен кошумча 300дөн кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү көздөлдү.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү, гарантиялык фонддору менен тыгыз байланышта иш алып барып, алардын экономиканы өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорунун колдоого алынышына жана ишкерлерге шарт түзүп берүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Аталган фонддун жетекчилерин Нарын шаарына чакырып, презентациялар өткөрүлүп, облус боюнча 34 долбоор сунушталды.

Өкмөт тарабынан калктуу конуштарды көрктөндүрүү, санитардык абалын жана инфраструктурасын жакшыртуу, турак-үйлөрдүн, имараттардын архитектуралык көрүнүшүн ирээтке келтирүү, айыл аймактарындагы таштанды төгүүчү жерлерди мыйзамдаштыруу тапшырмасы аткарылууда. Нарын облусунун калкынын саны 277 миңди түзөт. Учурда 50 миңден ашык адам ишембиликке катышып, демилгени колдоп, жума сайын акцияга катышуучулардын саны өсүүдө. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү максатында кошумча каражат булактарын табуу менен дотациянын көлөмүн кыскартуу чаралары көрүлүүдө.

Мындан сырткары, 2018-жылы Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен каржыланып курулуучу объектилердин тизмесине 56 объект сунушталган. Алардын ичинен 26 объекттин курулушу титулдук тизмеге киргизилип, быйылкы жылы каржылоо жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен 19 жаңы мектеп жана кошумча корпустардын, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 архивдин имараты, 1 спорт комплекси, 2 спорт зал, 1 бала бакчанын курулушу киргизилди. Бүгүнкү күндө тендерлер өткөрүлүп, курулуш иштери башталууда. Ушул эле беренеден каржыланып 16 мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер капитал-дык оңдоодон өткөрүлөт.

Мамлекеттин гана жардамын күтүп отурбастан жеке тараптардын кичи мекенине салым кошуусун көздөп, жыл башында нарындык ири жана орто бизнес тармагында иш алып барган ишкерлер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөрдүк. Жолугушууда ишкерлер бул демилгемди колдоого алып, жыл ичинде оорукана, бала бакча курууга, парктарды уюштурууга, ишкана ачып жумуш орундарын түзүүгө жана башка социалдык маселелерде колдоо көрсөтөрүн айтышкан. Учурда 3 ай аралыгында алар 59 миллион сомдук жардам көрсөтүштү.

Нарын облусунун экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүктөрү бар реалдуу сектордун келечектүү тармагы бул — туризм. 5 жыл аралыгында облуска жалпы 124 081 турист келип, 62 млн. 237 миң сом киреше түшкөн. Облусубуздун аймактарында жайгашкан тарыхый жерлерге баруучу багыттар жөнүндө маалымат такталары, айылдын аттары жазылган жана багыт көрсөтүлгөн 42 белгилер жаңыртылган. Нарын облусунда фестиваль туризми жакшы жолго коюлуп, туристтерди тартууда “Кыргыз шырдагы”, “Манас”, “ЭкоНарын”, “Нукура”   фестивалдары  өткөрүлүп турат.

Таалайбек САРЫБАШОВ, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Быйыл 47 объект ишке кирет”

– Ош облусунда өнөр жай продукциясын өнүктүрүү негизги приоритеттүү маселелердин бири болгондуктан бул тармакты өнүктүрүү максатында атайын программа кабыл алдык. Бул багытта иш алып барууга бизде климаттык шарт туура келет. Бүгүнкү күндө өнөр жай продукцияларын өнүктүрүү менен бирге аларды экспорттоо багытында да иш алып баруу учур талабы. Мен кошуна мамлекеттерге барып келдим. Алар менен товар жүгүртүүдө конкурент боло  албайбыз,  бирок,  сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар бизден эт, сүт, бал алабыз деп кызыгып жатышат. Антке-ни биздин продуктылар табигый таза. Эгер кошуна мамлекеттерге бул азык түлүктөрдү экспорттосок, өндүрүшчүгө да, мамлекетке да пайда түшөт.

Айыл жаштарын жумуш менен камсыздоодо жумуш орундарын түзөлү деп Бизнес борборун ачтык. Учурда жаш-тар бул борбордо эмгектенип жатышат. Район менен айылдардын ортосундагы жол каттамдарына жана шаар ичиндеги бузулган айрым жолдорго оңдоп түзөө  иштери  жүргүзүлүүдө.  Ал  эми айыл өкмөттөрүндөгү ички жолдорду оңдоп түзөөдө тиешелүү жетекчилерге тапшырма бергенбиз. Мындан сырткары жеке ишкерлик менен алектенгендерге шарттар түзүлүп, айыл чарбасына жеңилдетилген узак мөөнөткө кредиттер берилүүдө. Ишкерлер алгач ишин баштаганда атайын токтомдун негизинде ишин жүргүзүп алсын деп салыктан бошотуп жатабыз. Жергиликтүү бийлик да келген ишкерлерге кол сунуп, жер иштеткенге жер берели, шартын түзүп берели деп айтып жатышат.

Эми  аймактарды  өнүктүрүү  багытында облус боюнча жасалып жаткан иштерге так көрсөткүчтөрдүн негизинде  мисалдар  менен  токтолсок. 2018-жылдын январь-март айларында облус боюнча 1457,5 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Өнөр  жай  продукцияларын  өндүрүү 130,7  пайызга  пландалган  болсо, 342,0 миллион сомго ашык продукция өндүрүлдү.

Облустун аймагында үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башына карата жаздык өсүмдүктөр 18388 гектарга себилди. Анын ичинен 10079 га буудай, 5182 га арпа, 1921 га картошка, 568 га жашылча, 400 га май өсүмдүктөрү эгилди. Мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар 491 млн. 463,5 миң сом болсо, аткарылганы 522 млн. 620,6 миң сомду түздү.

2018-жылдын 1-январына карата облустун дотация көлөмү 37,3% түздү. Азыркы учурда Талды-Суу, Гүлчө, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу шаарлары, Сарай, Алля-Анаров, Нариман, Кулатов айыл өкмөттөрү  толугу  менен  дотациядан чыккан.

Облустун аймагында үстүбүздөгү жылда  жалпысынан  255  социалдык объектинин  курулушу  улантылууда. Алардын ичинен 2018-жылдын 1-кварталына 323 млн. 707 миң сом акча каражаты каралып, 158 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Алар: 31 мек-теп, 24 спорт зал, 17 балдар бакчасы, 10 оорукана, 30 суу түтүгү, 46 башка ку-рулуштар. 2018-жылы 47 объектинин курулуш иши бүткөрүлүп, колдонууга берилет.

Экспортко багытталган агро өнөр-жай продукциясын өнүктүрүү, эт, сүт продукцияларынын  түрүн,  сапатын жана көлөмүн жогорулатуу, жашылча жана  мөмө-жемиш  продукцияларынын көбөйтүү приоритеттүү тармактар болгондуктан бул багытка өзгөчө басым жасалууда. Мындан сырткары ирригация түзүмүн өнүктүрүү максатында эски иштетилбей калган каналдарды жаңылоо, жаңы ирригация системаларын көбөйтүү, жаңы жерлерди өздөштүрүү боюнча да иш алып баруудабыз.

Аймактарды таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу,  байланыш  тармагын  өнүктүрүү, айылдарды  жарыктандыруу  боюнча иштер аткарылууда. Ошондой эле тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү көздөп, тоо-кен байлыктарын чыгарууну жана кайра иштетүүнү колго алып жатабыз. Ал эми социалдык тармакты өнүктүрүүдө айылдарда жетишпеген мектеп бала-бакчаларды, саламаттык сактоо имараттарын, спорт залдарды куруу каралууда.

Райондордун  климаттык  өзгөчөлүктөрүн жана жаратылыш ресурстарын  эске  алып,  Алай  жана  Чоң-Алайда картошка, мал чарбачылыгын жана  тоо-кен  казып  алуу  секторун өнүктүрүүгө басым жасалууда. Ал эми Кара-Кулжада мал чарбачылыгы менен балчылык, Ноокатта тамеки, картошка  өстүрүү  жана  жашылчаларды кайра иштетүү, Араванда текстиль өндүрүшү,  жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана кайра иштетүү багытында иштер аткарылууда. Өзгөндө көмүр казып алуу, май алынуучу өсүмдүктөрдү өстүрүү жана аларды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө көңүл бурулса, Кара-Сууда пахтаны кайра иштетүү, жип чыгаруу, кездеме токуу жана даяр продукция чыгаруу боюнча жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү колго алуудабыз.