Өкмөт Жүсүп Мамайдын 100 жылдыгына кайдыгер карайбы?

Заманыбыздын залкар манасчысы Жүсүп Мамай атабыздын оо дүйнөгө аттанып кеткенине (2014, 1-июнь)төрт жыл болгону калды. Жүсүп Мамай кыргыз элине «Манас» эпосу жана анын урпактары: “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” жана “ Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Багыш”, “ Толтой”, “Мамаке-Шопок”, Жети каган” казак тилинде “Кыз Сайкал”сыяктуу кенже эпостору аркылуу таанылып, алар окутулуп, атүгүл окумуштуулар тарабынан манасчылык өнөрүндө жаралган жалпылыктар, өзгөчөлүктөр тууралуу изилдөөлөр жүргүзүлүп келүүдө.

Эң эле өкүнүчтүүсү – өмүрүнүн акыркы күндөрүндө гана Кыргызстан тарабынан урматтоого жана изилдөөгө алынып, 2013-жылы 30-апрелде кабыл алынган «Манасчы Жүсүп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» жарлыкка ылайык өкмөт 2013-2017-жылдар аралыгында «Манас» эпосун сактоо, иликтөө, кеңири таанытуу боюнча улуттук программа кабыл алып, манасчы Жүсүп Мамай жана анын «Манас» эпосун Кыргызстанда жарыялоо, бастырып чыгаруу, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу сыяктуу иш-чаралар башталган.

Мындай иш чаралар 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип өтүлгөн күндөн эле башталышы керек болчу. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына Жүсүп Мамай келген учурда ал кездеги өкмөт башкаруучулары «Эл артисти» деген наамын ыйгарышкан. Биринчи даражадагы «Манас» ордени 2007-жылы 25-апрелде ыйгарылган. Ошол убакыттан бери да Жүсүп Мамайга Кыргызстан мамлекети тарабынан көп көңүл бөлүнбөй келди. Айрым изилдөөчүлөр өздөрүнүн кызыгуусу менен Жүсүп Мамайга жолугуп, публицистикалык маанайдагы изилдөөлөрүн жарыялашты. 2013-жылы Жүсүп Мамайдын чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсуна окуй баштагандан бери Жүсүп Мамайга байланыштуу иш-чаралар өткөрүлө баштаган. Маселен, кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөөгө алган «Мурас» фонду тарабынан Жүсүп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында 2013-2017-жылдары илимий-практикалык жыйындар уюштурулду. 2013-жылы 20-декабрда Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жүсүп Мамайдын 95 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү. 2014-жылы 18-мартта Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында “Заманыбыздын залкар манасчысы Жүсүп Мамайдын айтуучулук өнөрү” аттуу жыйын чөбөрөсү Тургуналы Турсуналынын катышуусунда ийгиликтүү өткөн. Ушул эле жылы 23-майда улуттук китепканада “Жүсүп Мамай – заманыбыздын залкар манасчысы” аттуу китеп көргөзмө ачылды. Бул жыйындын алкагында КЭРдин СУАР Өкмөтүнүн Кыргызстандагы илимий мекемелерге китеп тартуулоосу жана Токтобүбү Ысак кызы менен Адыл Жуматурдунун Жүсүп Мамай тууралуу китебинин Бишкектеги чыгарылышынын бетачары өткөрүлдү. Бул иш чарада улуттук китепкананын директору, профессор Жылдыз Бакашова, «Мурас» фондунун башкармалыгынын төрагасы, профессор Т.Чоротегин, КЭРдин СУАР Өкмөтүнө караштуу Басма жана маалымат мекемесинин башчысынын орун басары Хуаң Шиаошин, “Кыргыздар” көп томдугунун түзүүчүсү К.Жусупов, КЭР-дин “Манас” эпосун изилдөө коомунун баш катчысынын орун басары, КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын профессору, Адыл Жуматурду ж.б. чыгып сүйлөштү. Жусуп Мамайдын чөбөрөсү, жаш манасчы Тургуналы Турсуналы менен анын жердеши, студент, жаш манасчы Асанаалы Халил уулу конок-торго “Манас” дастанынан үзүндү аткарып беришти. 2014-жылдын 24-майында Талас мамлекеттик университетинде “Жүсүп Ма-май — заманыбыздын залкар манасчысы” аттуу биринчи эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү. Аталган жыйындын негизги баалуулугу “Жүсүп Мамай: заманыбыздын залкар манасчысы” деген илимий баяндамалардын жана сексенден ашык макалалардын топтому жарыяланды. Ушуга удаа 30-майда «Манас» эпосун жана башка эпикалык чы-гармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жүсүп Мамайга «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылуу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. Ал Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири – «Тоо Гүлү» сыйлыгына эки жолу татыган.

Жүсүп Мамай каза болгондон кийин 2014-жылдын июнь айында Бишкек шаарында манасчылардын «Манастын» үзүндүлөрүн аткаруусу менен коштолгон эскерүү жыйыны  болду.  2015-жылдын  5-февралында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, залкар манасчынын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул эскерүү кечесине Кыргызстандагы калың элге таанылып калган манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Назаркул Сейдракманов, Улан Исмаилов, Замирбек Баялиев катышты. 2015-жылы 28-31-май күндөрү Нарын мамлекеттик университетинде 2016-жылы 22-24-май күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик улуттук университетинде, 2017-жылы13-16-апрель күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде “Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындар уюштурулуп, Жусуп Мамайды дагы тереңирээк таанытууга жол салды. Мындай жыйындар илимий баяндамалар, макалалардын топтому ар кандай нускада жарыяланды. Аталган жыйнактарда жарыяланган макалалардын көлөмдөрүн бириктирсек, 4 томду түздү.

Кээ бир изилдөөлөрдө Жүсүп Мамай жазгыч манасчы деп жазып жүрөт. Бирок биз билген маалыматтар боюнча ал «Манас» эпосун эл алдында көбүнчө жаш кезинде төгүп айтып жүргөн, кийинчерек гана 80-жылдары колубузга тийген 18 томун бүтүндөй өзү жазып бергендигин ишенимдүү маалыматтар далилдейт. Ошондой эле, жалаң эле «айтуучу» дештин өзү, анын экинчи жаратуучулук улуу талантын көмүскөдө калтырып коюу менен барабар болуп калмак. Жүсүп Мамайдын айтуучулук өнөрүнөн сырткары жаратуучулук баалуулугу бар экендигин далилдөө иретинде Кыргызстандагы белгилүү манасчылар Сагынбай, Саякбайга салыштырмалуу караганда гана баамдоого болот. Буга чейинки изилдөөлөрдө атайын үч белгилүү манасчынын өнөрүндөгү баалуулуктарын аныктоо иретинде текстологиялык талдоо

азыраак жүргүзүлгөн. Ал эми келечекте анын «Манас» эпосуна, текстологиялык талдоо жүргүзүлсө, Сагынбай, Саякбайга салыштыр-малуу тийиштүү өзгөчөлүктөр бар экендиги көбүрөөк окурмандарга белгилүү болот эле.

Эми заманыбыздын залкар манасчысы Жүсүп Мамайдын 100 жылдыгы Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде белгиленеби? Эң биринчи баалуулугу “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун гана айтып, жазып бербестен, кийинки урпактары Кененим, Сейит, Асылбача – Бекбача, Сомбилек, Чигитей аттуу 5 урпак сыяктуу уландыларын кыргыз элине кеңири жайылтуу менен эмгеги чоң экендигин бир ооздон белгилеп, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген мамлекеттик сыйлыктын ээси катары жүз жылдык салтанаттуу кечесин мамлекет тарабынан өткөрбөй коюу ади-летсиз. Мамлекеттик деңгээлде салтанаттуу өткөрүү менен анын эстелигин Бишкектин бир көрүнөө жерине тургузсак, адилеттүүлүк болмок. Бул маселе айтылган бойдон турат. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков: «Буга чейин кесиптештерим манасчынын айкелин Бишкекке орнотуу жана жаңы конуштардын бирине анын ысмын берүү демилгесин көтөрүшкөн.

Тапшырма өкмөткө берилген болчу, а өкмөт мэрияга жолдосо, Бишкек мэриясы мораторийге шылтап жер тилкесин бөлүп берүүдөн баш тартыптыр. Бул эмне деген акмакчылык? Эгерде биз эки көчөгө, жаңы конушка Жусуп Мамайдын атын бере албасак, бул өкмөттүн кыргыз маданиятына түкүргөндөй мамиле кылганы болот», – деп курч айтты эле (2017-жыл, 30-ноябрь).

Анын пикиринде Жүсүп Мамайдын эстелигин орнотууга жер таба албаса, филармониянын алдындагы Манастын эстелигинин жанында улуу манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин эстеликтеринин жанына орнотууга болот. Мына ушундай пикирлер эл өкүлдөрү тарабынан айтылат, бирок иш жүзүндө эл өкүлдөрүнүн сөздөрү айтылган бойдон кала берет.

Жүсүп Мамай атабыздын 100 жылдыгын кыргыз эли белгилебесе, анда муундан-муунга жаратып берген улуу эпос “Манасты” кантип башка улуттардын алдында даңктай алабыз?

Назгүл ТУРДУБАЕВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты