Жазуучу Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: “Мурза Гапаров Айгүл тууралуу угуп, ошол эле күнү Баткенгежөнөгүсү келген»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


–  Топчугүл  эже,  ысымыңызды ырымдап коюшканбы. Сейрек кездешкен ысымдардан го?

– Ооба, ырымдап коюшкан. Апам мени  чилденин  кычыраган  суугунда төркүнүнө барып төрөгөн экен. Киндигимди өзү кескен тайэнем мага ысым ыйгарууда көп деле ойлонбоптур. Кошуна жашаган Топчугүл аттуу көп балалуу, өнүп-өскөн, айылда кадыр-барктуу байбиченин атын неберем ушул абысынымдай болсун деген тилек менен коюп коюптур.

– Балалыгыңыз айылда өткөн чыгар? Бала кезиңизде эмнелер эсиңизде калды?

–  Кичи  мекеним  Баткендин  Кара-Булак айылы. Убагында чоң бабам Орозбай Кудаярхандын вазири болгон экен. Ал тарыхта Амал эшагасы деген ысым менен белгилүү. Аны оозунда сөзү, колунда байлыгы бар, табыпчылык өнөрдү да аркалаган инсан болгон дешет.

Балалыгым айылда өттү. Атам мектепте мугалим, апам колхоздо иштечү. Атам күндүзү мектепте иштеп, кечинде айылдык клубда кино коет. Апам күндүзү колхоз ишинде жүрүп, кечинде атама жардам берет, клубду шыпырып, тазалап, киного билет сатып. Эс тарткандан эле күн-түндөп иштеген атам менен апамды аяп, аларга жардам бергим келе берчү. Ошентип, өз каалоом менен тиричилик түйшүгүнө этек-жеңимди эрте малып алгам. Алты бир тууганбыз. Жонума бала көтөргөн балалыкты өткөрдүм. Тамарканын, бактын иши, тамеки, пахта терим ушулардын баарына биздин муун бала кезден аралашып иштеди да. Эсимден кетпеген дагы бир нерсе – атам киномеханик болгон соң, бала кезде жакшы кинолорду абдан көп көрдүм. Алардан алган таасирлер күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.

– Балалыгыңыз тууралуу сураганым, балалык сиздин турмушка аябай катуу таасир калтырган көрүнөт, ал ар бир чыгармаңыздан, ар бир сүйлөмдөн байкалат.

–  Туура  байкагансыңар.  Адам өмүрүндө балалык кез баарына башат экен да. Ушул кезде эмне көрүп, эмнени сиңирип, калыптансаң, ал ошол бойдон унутулбай калат экен. Эсимде бала кезде өтө эле сезимтал болуп, ызаланып, көп ыйлап, «баладай, башы-көзү чарадай болбой», ар кайсы нерселерге ойлонуп, санааркап, ата-энеме баланын эмес суроолорун берип, кээде жооп уксам, көбүнчө кагуу жеп, кыскасы балалык менен эрте кош айтышып, эрте чоңоюп, азыр ойлосом өз азабым өзүмдө экен. Беш жашымда «Алиппени» шар окуп, эсеп китебин жатка билип алган элем. Ошон үчүн мени алты жашымда мектепке беришкен. Бирок жарым жыл окугандан кийин мектеп директору мени – абдан жакшы окуп жаткан окуучуну жашы жете элек деп, мектептен чыгарып салды. Мени менен бир жылда,  бир  күндө  төрөлгөн дагы бир жашы жете элек окуучуга тийбеди, анткени ал айылдагы абдан кадыр-барктуу молдонун уулу эле. Бул адилетсиздик мага абдан катуу таасир эткен. Бул ызалык көкүрөгүмдө көп жылдар күйүп жүрдү. Ошол күндөн тартып өмүр бою мектеп директору – мага адилетсиздиктин символу катарында калды. Бул бир эле көрүнүш. Колхоз маалында өзүн кудайдай сезген раис, бригадир каалаган күнү колхозчуларын ашата сөгүп, эң оор иштерге салып, анан жарыбаган эмгек акы берип…

Апам алыстан бригадирдин атынын такасынын такылдагы угулганда эле элтендеп, коркуп, жоолугун оңдоп шашып калат эле. Мектеп директору да педагог, жогорку билимдүү болгону менен мугалимдерди окуучуларынын көзүнчө сөгүп, тилдеп абийирин төгүп салчу. Эл болсо бир момун. Мен азыр биз бала маалда айылдаштарымдын жасана кийинип, жыргап эс алып, же адилеттик издеп жетекчисине каяша сүйлөп жатканын такыр көргөн эмесмин, элестете да албаймын. Алар качан болсо таң аткандан кеч киргенге чейин жерге эңкейип, баш көтөрбөй бир нерсе тырмалап, бөжөңдөп иштеп жатышчу.

– Чыгармаларды өз турмушуңуздан алып жазасызбы?

– Эми бул ар кандай. Баары эле менин өз турмушумдан деп айта албаймын. Албетте, айрым учурлар, элементтер бар, жок эмес. Адам өзүнөн-өзү эч убакта кача албайт да. Анан калса мага чыгармачылыкта реалдуулук мүнөздүү. Ойдон чыгаруу, апыртуу, ашкере фантазия – бул каражаттарды колдонууга менде жөндөм жок. Негизги аракет – чыгармаңдын көркөмү көп болуп, каармандарың элдин эсинде калса.

2000-жылы «Жан шерик» деген китебимди окуп чыгып, Р.Айтматова эжем таң атпай үйгө телефон чалып, китептеги бир каармандын атын атап, мен так ошолмун деди. Кийин көп эле аялдардан чыгармаларыма карата ушундай сөздөрдү уктум, азыр деле угуп келем. Кечээ бир белгилүү психолог эжеке фейсбук баракчама жазыптыр: «Долу» аңгемеңден аябай таасирлендим. Чын эле аркы-беркимди, ызы-чуумду, өйдө төмөнүмдү көтөрө турган, аквалыма кире билип, менин артымда калгысы келбеген жан жолдошум бар. Долулугумду ага эле көрсөтө алам”.

– Айгүл тоо – мага кыргыз жазуучулары үчүн касиеттүү Мекке сыяктуу туюлат. Бул темага Мурза Гапаровдон улам кайрылып калдыңызбы, же …

– Мурза акеге айгүл гүлү тууралуу алгачкы маалыматты 1982-жылы мен айткан элем. Ал мезгилде бул гүлдүн атагы алыска угула элек учур. Ошол маалда Мурза аке «Кыргызфильм» студиясында редактор болуп иштечү. Айылда мени окуткан агайымдын өтүнүчү менен ал кишиге бир документ жеткиргени баргам. Абдан сөзмөр экен, биздин айыл тууралуу кызыгып сурап калды. Мен болсо кичи мекеним жөнүндө кимге болсо да айтып бергенди жакшы көрчүмүн. Алгач эле сөздү бөтөнчө чырайлуу айгүл гүлүнөн баштагам. Ал биздин айылга жанашып турган тоодо өсөт. Канчалык сүрөттөп айтканым эсимде жок, бирок Мурза аке ошондо жүзү жайнап, толкундап, шыр эле ошол күнү, жайдын ысыгында Айгүл тоого жөнөп кеткиси келген. Бул гүлдүн апрель айында ачылып, 10-15 күн гана жашап, куурап калаарын укканда токтоп калган. Кийинки жылы жаз айында ал биздин айылга барып гүлдү көрүп келгенден кийин «Айгүл тоо» деген мыкты аңгемесин жазды.

Биз бала кезде бул гүл тоо этегине чейин жайнап чыгып, тоонун тескей боорун бүт каптап, кыпкызыл болуп ачылат эле. Бала кезде тоого гүл тергени, ойногону көп барчубуз. Жаман жери кийинки маалда гүлгө суктангандар көбөйгөн сайын гүл качып кетти. Азыр бул ажайып гүл тоонун анча-мынча жеринде, таштын кычыктарында гана өсөт. Бул жерде жыл сайын гүл майрам, ыр майрамдар өтүп турат. Келген кишилер көп. Айгүл тоо кимди болсо өзүнө тарткан касиетке ээ. «Амансыңбы, Айгүл тоо» кино повестим белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаровдун кино тартам деген сунушу менен жазылган. Бул чыгарманын кино сценарий варианты бар. Негизги тема – атуулдук сезим, мекенди сүйүү. Жаш кезде «Айгүл тоого» деген эки ыр жазгам. Алардын бирине белгилүү обончу, маркум Апаз Жайнаков обон чыгарып, азыр аны «Достор» тобу ырдап жүрөт.

– Жазуучулук өнөргө кандайча аралашып калдыңыз? Мектептен жаза баштадыңызбы, же шыгыңыз кийин ойгондубу?

– Мектепте окуп жүргөндө бизде ар кандай чыгармачыл ийримдер жакшы иштечү. Баарыбыз агайларыбыз уюштурган иш чараларда акын, артист, ырчы, бийчи боло берет элек. Сахнаны жакшы көрчүбүз. Эсимде, мен ыр, макала жазчумун, ырдачумун, бийлечүмүн, спектаклдерде ролдорду аткарчумун. Адабий ийримде чыгармаларды эжей-агайлар менен кошо жарышып талдап, өз оюбузду айтып сүйлөчүбүз. Азыр ойлосом, мунун баары бизге искусствону, чыгармачылыкты тааныткан экен. Чыгармачылык мени  окуучулук  күндөн  бери  коштоп келет.

– Сизди социолог катары билчү элек, жылдардын бир жылында чоң жазуучу болуп чыга келдиңиз… Жазуучулук ишке социология жардам берет бекен?

– Кайсы илим болбосун адамдын ой чабытын, дүйнө таанымын кеңейтет, тажрыйбасын арттырат. Негизи илим деле, чыгармачылык деле аң сезимге таасир этүү миссиясын аркалайт. Социология адамга, жашоо-турмушка өтө жакын, практика-лык мааниси бар илим. Элдин пикирин, муктаждыгын, көгөйлөрүн изилдейт. Фактыга, документке, пикирге таянып жыйынтыктарды жасайт. Социологдук кесибим мени элге аралаштырат, айылга тез-тез жетелейт. Коомду изилдөөчү болгонум ал менин чыгармачылыгыма жардам гана берет.

–  Чыгармаларыңызда кимдерди жазгыңыз келет, эмнелер тууралуу айткыңыз келет?

– Менин каармандарым өзүмө окшогон карапайым адамдар, негизинен аялдар. Аларды жакшы билем, анан да жакшы көрөм. Эл арасынан катардагы, жөнөкөй жашап, бирок улуу кадамдарды жасаган адамдарды издеймин. Тапсам ал менин каарманым болот. Жакшы көрүү, аёо, боорукерлик, түшүнүү ж.б. сыяктуу баалуулуктар тууралуу айткым келет.

– Кимдерди окуйсуз? Эмне үчүн? Жазуучулук өнөрдө устатыңыз, же таасир калтырган, таңгалдырган чыгарма барбы?

– Тилекке каршы, жазуучулук өнөрдө устат күтүп, андан сабак алган тагдыр менде болбоду. Бул, албетте, мен үчүн өкүнүчтүү.  Чыгармачылыкка  баш-отум менен киришпей, башка чөйрөдө көбүрөөк иштеп калдым. Бирок мени таң калтырып, таасирленткен чыгармаларды көп окудум, бул узун тизме. Айрымдарын атасам, Ч.Айтматовдун «Кылым кары-таар бир күнүн», Р.Гамзатовдун «Менин Дагестанымын», Л.Толстойдун «Согуш жана тынчтыгын», «Анна Каренинасын», А.Чеховдун, В.Шукшиндин орус пейил, мүнөзүн укмуш ачкан аңгемелерин, Кобэ Абенин «Кумдагы аял», Колин Маклоунун «Поющие в терновнике», Габриэль Гарсиа Маркестин «Сто лет одиночества» китептерин азыр да кайра-кайра окуй берем.

– Эмнелердин үстүндө эмгектенип жатасыз? Аялдын түйшүгү көп эмеспи. Кайсы убакта жазасыз?

– Кайсы убакта жазам? Качан гана көкүрөктөгү багып жүргөн ой көөдөнгө батпай калганда. Ал түн болобу, күн болобу мени калем карматат. Азыр «Көрүстөнү көп айыл» деген китеп жазып жатам.

– Жазуучулук сиз үчүн хоббиби же жашообу?

– Экөө тең. Бул өнөрдү жакшы көрөм, бош убактымды ага арнаймын. Демек, ал менин хоббим. Бирок ошол эле учурда жазуучулук жашоом деп да айта алам, анткени чыгармачылык түйшүк мени ар дайым коштоп жүрөт.

– Жазуучулук өнөрдөн өз Айгүл тооңузду таптыңызбы?

– Таба элекмин, издеп келем…