Турдукан ЖУМАБЕКОВА: «Конституциядагы өзгөрүүлөр парламентти эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ кылды»

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


– Турдукан Абдыкарыевна, 1993-жылы 5-майда КРнын Конституциясы кабыл алынган. Дегеле Конституциянын

жазылышы, эгемендикти алгандан берки тарыхы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Конституциялык укуктун тарыхы эгемендикти алгандан тартып, 1993-жылдын 5-майынан башталып, 20 жылдан ашык убакытты камтыйт. Бул убакыттын аралыгында көп орошон алай-дүлөй окуялар болуп өттү. Анчалык узак убакыт болбогону менен муну белгилеп өтпөсөк болбойт. Гуманизмдин бийик идеяларынын негизинде демократиялык түзүлүштү түптөп, элдин бакубат жашоосу үчүн демократиялык түзүлүштөгү Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын алдык.

Саясий режим, жарандардын конституциялык укуктарынын макамдары өзгөрүлдү. Андан тышкары башкаруу системасы өзгөрдү. Мурда президенттик башкаруу болсо, азыр президенттик-парламенттик башкаруу системасына өттүк. Бул дагы алдыга таштаган чоң кадам болуп эсептелинет. Негизинен өзүбүздүн кетирген кемчиликтерди оңдоого аракеттенип, белсенип жатабыз. 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдум менен кабыл алынган Конституциядагы өзгөрүүлөр парламенттеги мандаттын саны, президенттик кызмат ордунун мөөнөтү, парламенттик-президенттик башкаруу формасы, Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы мамилелер боюнча болду. Бул өзгөрүүлөрдөн кийин президентке өкүлчүлүк функциялары калып, приоритет парламентке берилди. Парламенттик көпчүлүк шайлаган премьер-министрге көбүрөөк ыйгарым укуктар берилип, ошону менен бирге парламент өтө чоң, эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ болду. Мурда мындай ыйгарым укуктар болгон эмес. Парламентке мындай ыйгарым укуктар берилүү менен бирге жоопкерчилик да күчөтүлдү. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен мамилесиндеги статусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дайындоонун жол жобосу өзгөрдү. Мындан тышкары улуу дөөлөттөр Конститу-цияда көрсөтүлдү. Алар мамлекеттин бардык бийлик бутактарынын органдарынын жана жергиликтүү бийликтердин маани мазмуну болушу керек.

–Конституцияга кирген улуу дөөлөттөр дегениңиз эмне?

– Улуу дөөлөттөрдүн биринчи кадамына адам, анын өмүрү, ден соолугу, укуктары, коопсуздугу, билими, эркиндиктери, намысы жана аброй, бакытка умутулуусу кирет.

 – Конституцияга буга чейин өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип келдик. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Негизи Конституция деген аракеттүүлүгү болгон, иштеген тирүү организм сыяктуу. Бул иштеп, ошол эле учурда талапка жара-ша өзгөрүп турушу керек. Анткени бүгүнкү учурда дүйнөдө болуп жаткан жаңы чакырыктар, коркунучтар өзгөртүүгө алып келүүгө дуушар кылат. Албетте, мен Конституцияны төрт тарабы төп келген, идеалдуу деп айта албайм. Негизинен саясий конъюнктуралык көз караштар менен дагы кабыл алынып жаткан жоболор жок эмес. Ал кандай кызыкчылыктар менен кабыл алынганын да билебиз. Ошондуктан бул өзгөрүүлөр биз канткенде элге кызмат кылат деген негизде болушу шарт. Мисалы парламентте мурдагы кемчиликтерди кайталабоо, бир эле партияга бийликти берип койбоо үчүн алардын мандатын саны жагынан азайтуу, мына ушуга окшогон нерселерден улам, турмуш өзү бизди өзгөртүүгө түртөт. Ошондуктан Конституциядагы өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду саясий оппозициялык күчтөр да талкуулап, алар дагы өзүлөрүнүн кошумчаларын кошууга далалаттанат. Бирок дайыма эле аны колдоого мүмкүн эмес, анткени Конституциянын негизи өлкөбүздүн туруктуулугуна, өсүшүнө жана башка жактарына карама-каршы ке-лип калышы мүмкүн. Ушул себептен бардык эле өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн эмес. Аалам дашуу доорунда ушунчалык тез убак-та бардык нерселер жаңыланып, өзгөрүп, бизге күтүлбөгөн жаңы чакырыктар, коркунучтар жаралууда. Биз ошол жагдайдан алып караганда, учурдагы кырдаалды, жашоо-турмуштун нугуна жараша өзгөртүп турганыбыз туура эле деп айтат элем.

Конституция бул – ыйык. Мамлекеттин күзгүсү. Биздин жашообуздагы бүткүл бийликтин бутактары баары, мамлекет башчысынан баштап, коомдун бардык катмарына чейин бүткүл кыргыз эли ушул Конституциябыздын негизинде жашайт. Өлкөбүздүн өркүндөшү үчүн, элибиздин бакубат жашоосу үчүн жаңы чыккан күчтүү мыйзамдардын бардыгы ушул Конституциянын негизинде чыгат. Ошондуктан биздин бардык жашообуз Конституцияга байланыштуу жана андан көз каранды.

– Конституцияга түшүндүрмө берген китеп жазыптырсыз. Бул китепти жазууга эмне түрткү болду эле?

–Жалаң эле Конституцияга эмес, башка дагы Кылмыш жана жаза-процессуалдык кодекстерге дагы түшүндүрмө берип жүрөм. Бирок негизги мыйзамыбызга берген түшүндүрмө бул илимий-практикалык жактан дагы, өлкөбүздөгү болуп жаткан кырдаалдарды да эске алуу менен, Конституциянын ченемдери канчалык деңгээлде аракеттүү жана эң жогорку юридикалык күчкө ээ экендигин дагы бир жолу баса көрсөтүүнү көздөйт, юристтер жана билим алып жаткан келечектеги юристтер үчүн эң керектүү колдонмо китеп. Бул китепти жазуу менен жалаң эле окуп жаткандарга эмес, жалпы эле бийлик бутактарында укук маданиятын билүүсүнө, дегеле Кыргызстандагы укук маданиятынын өнүгүшүнө дагы кандайдыр бир салым кошуп жатабызбы деп ойлойм. Ал — Кайрат Осмоналиев экөөбүз жазган жападан жалгыз комментарий. Бул түшүндүрмө юридикалык билим берүү процессинде колдонууда бирдиктүү конституциялык саясатты калыптандырууга көмөктөшөт.