Базар-Коргондун автобекетинде 19 жаштагы жигит бычакталып каза болду

Базар-Коргон районундагы автобекетте 24 жаштагы жигит 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя саат 9.30дар чамасында болгон. Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара уруша кетип, 19 жаштагы боз уланга 24 жаштагы айылдашы бычак урган. Натыйжада 19 жаштагы атуул кансырап ошол жерден көз жумган.

Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 24 жаштагы тургунун шектүү катары кармады. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды.

Шектүү Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.