8-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдирген маалыматка ылайык, 8-майда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26,

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус болот.