“Аврора” санаторийинде 18 адам ууланды. Алардын жетөө чет элдик спортчулар экени аныкталды

Ысык-Көл облусундагы “Аврора” санаторийинде 18 адам ууланып, анын 7си чет элдик спортчулар. Бул тууралуу  КР Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 13 адам бейтапканага жаткырылган, түнү дагы 5 адам кайрылган. Жабыркагандардын арасында 11 кыргызстандык, бирөө ирандык жана алтоо Араб Эмираттарынын жарандары.

Жабыркагандар болжолдуу маалымат боюнча тамак-аштан ууланышкан.

Учурда анализ жүргүзүү үчүн бардык тиешелүү болгон үлгүлөр алынды. Ооруканага жаткырылган жарандардын абалы туруктуу.