Кош жарандыгы бар аткаминерлерди жоопко тартуу сунушталууда

Кыргызстанда саясий жана соттук кызматтарды ээлеп турган адамдар башка өлкөнүн жараны экени аныкталса аларды кылмыш жообуна тартуу сунушталууда. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Алмазбек Баатырбеков иштеп чыгышты. Учурда долбоор коомдук талкууга коюлду.

 

Эч кандай чара каралбагандыктан саясий кызматты ээлеп турган айрым адамдар өзүнүн башка жарандыгын жашырып отура бериши ыктымал экендигин авторлор билдиришүүдө. Мындай абал купуя маалыматтардын сыртка чыгып кетишине, башка өлкөнүн жаранынын Кыргызстандын президенти болуп шайланып калышына шарт түзүшү экендигин да кошумчаланууда.

Эсиңиздерде болсо, Казакстанда аткезчиликке айыпталып кармалган, Асылбек Дамирбек уулунун кош жарадыгы бар экени аныкталган. Кийин ал депутаттык мандатынан ажыратылган.