Бишкекте «Каухар» бизнес борбору күйүп жатат

Бишкек шаарынын Орто-Сай базарынын жанындагы «Каухар» бизнес борбору күйүп жатат. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Бул маалыматты ӨКМден да тастыкташты. Ага ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 11:33 түшкөн. Үч өрт өчүрүүчү автоунаа жеринде иштеп жатат.